Кыргызды алык-салыктан бошоткон Тайлак баатырдын эрдиги

Тайлак баатырдын ата-тегин сүрүштүрө келгенде,айтылуу Жанболот баатырдын небереси экени эске түшөт. Айтылуу Жанболот  баатыр кытай императорлугуна Берик аттуу уулу менен туткунга түшкөндө Төбөк баатыр бошотуп алат. Мына ошол Жанболот баатырдан Ырыскул бий, андан Атантай менен Тайлак баатыр (1800-ж) төрөлөт. Түптүү кыргыз элинде Тайлак баатырдын ысымына байланыштуу нечен улама-аӊыздар айтылып келет. Алардын бири Тайлак менен Араптын кармашы. Мындан бир кылым мурда Кокон хандыгы кыргыздарды эзип, алык –салык алып, баш көтөртпөй турганда Тайлак баатыр Кокондукка каршы аттанып чыгат. Кокон хандыгынын бөлүмчөсү болуп турган Курткага чейин талкалайт, ага ачууланган Мадели хан “кимде ким Тайлактын башын кесип келсе аркага хан шайлаймын”- деп жарлык салат. Ошондо данкы далайга кеткен Арап баатыр келип Мадели хандан “мага беш жуз аскер бер, Тайлактын башын алып келем”- дейт.  Хан макул болот. Тайлакка  бул жарлык жетип, ал да салгылашууга 200 жоокер даярдап Арапты күтүп калат. Экоонун беттешүүсу өзөндө  тоонун шар аккан суусунун боюнда болот, экоо гана жекеме жеке чыгууга макулдашышат.  Атагы алыска кеткен Арап баатыр бул беттешүүдө Тайлактын колунан ажалын тапкан экен. Аны көргөн  Кокондук аскерлер бел- белде, кокту-колотто безип журуп Мадели ханга барышат. Баарысын теӊ ойлогон, калыс Тайлак баатыр атаандашы ашкан баатыр болгондугуна ынанып, сөөгу талаада калбасын деп, тогуз ат сойдуруп, куран окутуп, экөө беттешкен жерге көмдургөн экен. Ошол кундөн ушул кунгө чейин Арап баатырдын сөөгу коюлган өрөөн “Арап өлгөн” деп аталат.

Тайлак баатыр жалан эле сырткы душмандан элин коргоп, колунан куралын түшүрбөй ат үстүндө жүрбөстөн, элди дыйканчылыкка, малды багып өстүрүүгө, эмгекке жана ар түрдүү ишке тарта билип, элдин тынч, бейпил турмушта жашоосун көздөгөн. Кала берсе, арык каздырып, арык салдырган. Тайлак баатыр кырк жаштын кырында Кокон  хандыгынын жиберген чалгынчысынын уусунан ууланып өлгөн. Өлгөндө Ак-талаа районунун тескей тарабында болгондуктан, Чыбылдай-Коо деген жердеги басыстардын мүрзөсүнүн жанына коюлат. Тайлак баатырдын ызгаарын көрүп калган басыстардын билгичтери кенеш кууруп “ Тайлактын сөөгүн алып кетсин сяктар, өлүгү да тынч жатпай, биздин өлүктөрдүн тынчын алды”- деп, саяктардын билермандарына айттыра беришет. Кыш өтүп жаз келгенде саяктар намыс кылып келип, Тайлактын мүрзөсүнө кара жандык мууздап көөмп коюп, Тайлактын сөөгүн Нарын суусунун өйүзүндөгү Куртка суусунун боюна алып барып коюшат.

Тайлак баатырдын эрдиги, кеменгерлиги, алпейим берешендиги, намыскөйлүгү, кайраттуулугу- ат жалында эркин ойноп, чыйрак өскөн кыргыз баласы үчүн чон үлгү жана улуу сабак. Ал эми анын асыл сапаттарын тумардай ыйык сактап, баалап барктап алыш- биздин ыйык милдет.

Автор: Муратбек кызы Акмарал, редактор Күмөндөр Усуптегин.

Маалыматтар томонку булактардан алынды:

  1. Кубатбек Курманалиев-Шоокум журналы;
  2. Жумагул Байдилдеев “Тайлак баатыр баяны”;
  3. О. Долоев, Тенир-Тоо газетасы (Арап өлгөн аймагы).

 

Добавить комментарий