“КЫРГЫЗЖЫЛУУЛУКЭНЕРГО” МАМЛЕКЕТТИК ИШКАНАСЫНЫН “НАРЫНДАГЫ РАЙОНДОР АРАЛЫК ЖЫЛУУЛУК МЕНЕН ЖАБДУУ ӨНДҮРҮШТҮК БИРИКМЕСИНИН” ФИЛИАЛЫНЫН ОТЧЕТУ

Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров менен биринчи вице-мэр Давид Курманов бүгүн, 23-январда КРнын “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын “Нарындагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмесинин” филиалынын 2019-жылда жасалган иштеринин отчетуна катышты.

Учурда бул филиалда 162 адам эмгектенет. Ишканада бардыгы 31 откана, мунун ичинен 26 откана электр энергиясы, 5 откана көмүр менен иштейт. Бардыгы 100 көп кабаттуу турак үйдү, 46 менчик үйлөрдү, республикалык бюджеттеги 22 мекеме, жергиликтүү бюджеттеги 20 мекеме-ишкана жана 2136 абонентти жылуулук менен камсыз кылышат.

Нарын шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчүн аныктоодо, 2018-жылы товардык продукциясы 97,00 % түзүп, быйылкы 2019-жылга ишкананын жылуулук өндүрүмдүүлүгү боюнча физикалык индекси — 107,4% түздү. Былтыркы жылдан 10% өсүш берди.

Жылуулук ишканасы бардыгы 9496 метр жылуулук трассасын тейленет.
2019-2020-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча бардык отканаларда ремонт иштери өз деңгээлинде толук бүткөрүлгөн. Ремонт иштерине жалпысынан 4 млн.159,6 миң сом жумшалган.

Быйылкы жылы Ленин-8 көп кабаттуу турак үйүнүн 28 квартирасы, майыптар үйүнүн 12 кватирасы, прократура кызматкерлеринин үйүнүн 24 квартирасы жалпы 64 квартира жылуулук системасына кошулган.

Ал эми аталган ишкана 2020-жылга иш-чарага киргизилип, жазала турган иштери тууралуу шаар башчысына ишкананын директору Улан Айтиев айтып берди. Алар, Ленин- 4 жана 6 көп кабаттуу турак үйгө жылуулук кошуу, кичи отканаларга запастык суу сактай турган бактарды толук бүткөрүп, орнотуу, жылуулук трассаларынын түтүктөрүн жана отказандардын эскилерин алмаштыруу, задвижка, насос, тендерди алмаштырып, электр приборлорун чыгарып ремонттон өткөрүү жана үйлөрдүн ички жылуулук системаларын ремонттон өткөрүү жумуштары.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий