Кыргызстандагы Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун дипломатиялык өкүлү Доктор Шамш-Кассим Лакха мырзанын кайрылуусу

Учурдан пайдаланып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, баардык деңгээлде иш алып барып жаткан мекеме-ишканаларга таажы илдетинин таралышын ооздуктоо иш-чараларын жүргүзүүдө өз убагында колдон келген аракеттерди көрүп жатканы үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет. Ал эми Өкмөттүн оорун колдон, жеңилин жерден алууда өлкөнүн аймактарында иштеп жаткан Ага Хан Өнүктүрүү Уюму тууралуу токтоло кетсем. Биз Өкмөт, облустук өкүлчүлүктөр, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен көп жылдардан бери эң сонун тыгыз кызматташып келдик. Атап айтсак, алар Нарын облусунда биздин баардык демилгелерди колдоп келишти. Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университети бул кызматташтыктын далили. Ошондой эле Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун агенттиктери дагы Нарын облусунун элеттеги аймактарында үзүрлүү эмгектенип келе жатышат.
Биз Нарын жергесиндеги медициналык кызматкерлер үчүн жеке коргонуу каражаттарын тапшырдык. Анткени таажы илдетине чалдыккандардын дээрлик 25%ы саламаттыкты сактоо тармагынынын кесипкөй кызматкерлери болуп эсептелет. Биз өзүлөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатып көбү COVID-19 вирусунан жабыркаган кайраттуу медициналык кызматкерлерге өзгөчө көңүл буралы деп чечтик. Анткени алар өзүлөрүнүн өмүрлөрүн тобокелдикке салып жатышат. Азыркы учурдагы биздин башкы милдетибиз – алардын коопсуздугуна кам көрүү. Өз кезегинде биз жеке коргонуу каражаттарынын эки партиясын Нарын облусуна, ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына жөнөттүк.
Андан тышкары жумушсуз калгандыктан оор күндөрдү баштан кечирип жаткан калктын аярлуу катмарындагы бир катар үй-бүлөлөр азык-түлүк менен камсыз кылдык. Ошентип Нарын шаарындагы 500 үй-бүлөгө ушундай колдоолор көрсөтүлдү.
Бүгүнкү күндө Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун бардык кызматкерлеринин эмгек акысы сакталып кармалбай турат, эч ким жумушунан алынган жок, баардыгы иштеп жатышат. Жада калса, Нарын кампусунун студенттери, Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби (ШПНО) болобу же Гуманитардык жана так илимдер мектебинин кампустары болобу, алар студенттери менен угуучуларынын билимин үзгүлтүккө учуратпастан мүмкүн болушунча онлайн режиминде иштеп жатышат. Мындан сырткары, АКДНдин бир нече агенттиктеринин кызматкерлери өздөрүнүн бир күндүк маянасын муктаждыгы бар үй-бүлөлөргө жардам берүү үчүн бөлүп беришти.
Акырында мен Нарындын облусунун губернаторуна, мээрине, жалпы эле Нарын шаарынын мэриясына терең ыраазычылыгымды билдирем. Алардын талыкпаган чоң аракеттерди кылып жаткандыгын мен жакшы билем.

Чоң рахмат!

Добавить комментарий