КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2016-жылдын 31-марты № 32

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын текшерүүлөрүнүн бирдей тартибин белгилөө, мамлекеттик органдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине мыйзамсыз кийлигишүүсүнөн алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сакташын камсыз кылуу ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.

2-берене. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү

  1. Ушул Мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын текшерүүлөрүнө байланышкан мамилелерди жөнгө салат, текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине мыйзамсыз кийлигишүүдөн алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу менен байланышкан мамилелерде тараптардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.
  2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда каралган эрежелерден башкача эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат.
  3. Ушул Мыйзам менен төмөнкүлөр белгиленет:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүдөгү принциптер жана чектөөлөр;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууну уюштуруунун бирдиктүү тартиби жана жол-жобосу;

3) текшерүүлөрдү прокуратура органдары менен макулдашуунун тартиби;

4) текшерүүлөрдү жүргүзүүдөгү тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча чаралар.

  1. Ушул Мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү төмөндөгүлөр жүргүзгөндө текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартибин жана жол-жобосун жөнгө салбайт:

1) кылмыш-жаза, администрациялык, жарандык, аткаруу сот өндүрүшүнүн алкагында мамлекеттик органдар;

2) өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишке ашыруусун контролдоонун алкагында мамлекеттик органдар;

3) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы;

4) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени);

5) контролдук функцияларды жүзөгө ашыруунун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары жана анын органдары.

3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же кызматкери;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары — жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү камсыз кылуучу өкүлчүлүктүү, аткаруучу органдар;

3) текшерүү — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруусу жана сактоосу боюнча мамлекеттик контролдун жана көзөмөлдүн кандай гана болбосун формасы;

4) текшерүүнүн предмети — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алар тарабынан сакталышы;

5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөргө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар, алардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитет.

4-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруунун негизги принциптери

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруунун негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишиндеги мыйзамдуулук, объективдүүлүк жана айкындык;

2) текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кызматтык этиканын нормаларын сактоосу;

3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын текшерүүлөрдү жүргүзүүсүн республикалык бюджеттин каражаттарынан гана финансылоо;

4) сакталуусу текшерилүүгө жаткан милдеттүү талаптарды белгилеген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын милдеттүү түрдө маалымдоосу;

5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине кийлигишпөө;

6) текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн үзгүлтүксүздүгү жана ыкчамдыгы, текшерүүлөрдү белгиленген мөөнөттүн ичинде толук жана максималдуу тездикте жүзөгө ашыруу;

7) милдеттүү талаптарды белгилеген мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жана дал келбестиктерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына каршы пайдаланууга жол берилбестик.

5-берене. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдөгү чектөөлөр

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана алардын кызмат адамдарына төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) текшерүүлөрдү жүргүзүү процессинде муниципалдык кызматкерлердин өз функцияларын жана ыйгарым укуктарын аткаруусуна тоскоолдук түзүүгө;

2) текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөтүн бузууга;

3) текшерүүлөрдү жүргүзүүгө байланышкан чыгымдардын ордун толтурууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан талап кылууга;

4) эгерде текшерүүнүн предметине кирбесе, документтерди, маалыматтарды берүүнү, объекттерди, мүлктү карап чыгууну талап кылууга, ошондой эле мындай документтердин түп нускаларын алып коюуга;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен алынган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндөгү маалыматтарды топтоого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында алынган мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголгон башка жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды жайылтууга;

7) эгерде мыйзамдарда белгиленген милдеттүү талаптардын сакталышын текшерүү текшерүүнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирбесе, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мындай талаптарды аткаруусун текшерүүгө;

8) арыз берүүчүнүн маалыматтары (фамилиясы, ысымы, жашаган жеринин дареги) көрсөтүлбөгөн, анонимдүү арыз менен демилгеленген пландык же пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууга;

9) текшерүү жүргүзгөндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан акчалай формада администрациялык жазапулдарды жана башка төлөмдөрдү тикелей алууга. Бардык эсептешүүлөр тийиштүү эсептешүү эсептери жана кредиттик-кассалык мекемелер аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш;

10) текшерүү жүргүзгөндүгү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана алардын кызмат адамдарынан кандайдыр-бир сый акы талап кылууга же алууга;

11) текшерүү жүргүзгөндө айкындалган мыйзам бузуунун болуу фактысын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине кийлигишүү үчүн негиз катары пайдаланууга;

12) ушул Мыйзамда каралбаган текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартибине жана жол-жоболоруна тиешеси бар кошумча талаптарды белгилөөгө.

2-глава. Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби

6-берене. Текшерүүлөрдүн түрлөрү

Ушул Мыйзамга ылайык текшерүүнүн төмөндөгүдөй түрлөрү болот:

1) пландык;

2) пландан тышкаркы;

3) контролдук;

4) кайра текшерүү.

7-берене. Пландык текшерүү

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландык текшерүүнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (мындан ары — Башкы прокуратура) менен макулдашылган текшерүүлөрдүн ар жылдык планынын негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бир эле органын пландык текшерүү бир жылда бир жолу жүргүзүлөт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландык текшерүүлөрдү пландык текшерүүлөр мыйзамдарга ылайык компетенциясына кирген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жүргүзөт.

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн планын макулдашуунун тартиби жана мөөнөтү ушул Мыйзамдын 20-беренесинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
  2. Текшерүүнүн ошол эле предмети боюнча мурдагы пландык текшерүү бүткөн күндөн тартып бир жылдын өтүшү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүлөрдүн планына киргизүү үчүн негиз болуп саналат.
  3. Ар жылдык планга төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:

1) белгиленген мөөнөттүн ичинде иши текшерилүүгө жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аталышы жана жайгашкан жери;

2) текшерүүлөрдү жүргүзүүнү пландаштырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (аймактык, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн) аталышы;

3) текшерүүнү жүргүзүүнүн мөөнөтү;

4) сакталышы жана аткарылышы текшерилүүчү ченемдик укуктук актылардын тизмеги.

  1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча текшерүүлөрдүн ар жылдык планына бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тандалып алынган айрым органдары киргизилиши мүмкүн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым органдары текшерүүлөрдүн ар жылдык планына тандап алынып киргизилген учурда бир эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары менен эки жолу текшерүүнүн ар жылдык планына киргизилиши мүмкүн эмес.
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишинин мурдагы пландык текшерүүдө камтылган мезгил бүткөн күндөн кийинки мезгили пландык текшерүүдө камтылат.

8-берене. Пландан тышкаркы текшерүү

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландан тышкаркы текшерүүнү тийиштүү райондун, шаардын прокуратура органдары менен макулдашуудан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин (тескемесинин, буйругунун, жазма эскертүүсүнүн) негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары жүргүзөт. Райондун, шаардын прокуратура органдары пландан тышкаркы текшерүүлөрдү макулдашууда сунушталган пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн мыйзамдуулугун көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат.
  2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү жөнүндө тийиштүү чечимин (тескемесин, буйругун, жазма эскертүүсүн) чыгарганга чейин тийиштүү райондук, шаардык прокуратура органдарына пландан тышкаркы ушул текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө суроо-талабын жиберет.
  3. Пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү жөнүндө суроо-талапта төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) текшерүүнү жүзөгө ашыруунун башталышынын жана бүткөрүлүшүнүн датасы;

2) иши пландан тышкаркы текшерүүгө жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы жана жайгашкан жери;

3) текшерүүнүн предмети жана негиздөөсү;

4) сакталышы жана аткарылышы текшериле турган ченемдик укуктук актылардын аталыштарынын тизмеги;

5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (аймактык, түзүмдүк бөлүктөрүнүн) аталышы.

  1. Пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүүнүн негиздери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, муниципалдык кызматкерлер тарабынан мыйзамдарды бузуулардын бар экендигин көрсөткөн жетиштүү маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын түздөн түз табуусу;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык кызматкерлер тарабынан мыйзамдарды бузуулардын бар экендигин көрсөткөн маалыматтарды камтыган материалдардын, маалыматтардын укук коргоо органдарынан, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жеке жана юридикалык жактардан келип түшүүсү;

3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык кызматкерлер тарабынан мыйзамдарды бузуулар бар экендигин көрсөткөн маалыматтарды камтыган жеке жана юридикалык жактардын жазуу жүзүндөгү кайрылуулары жана арыздары, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар.

  1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген кайрылуунун же арыздын ээсинин фамилиясын, ысымын жана жашаган жеринин дарегин белгилөөгө мүмкүн болбогондо анонимдүү деп эсептелет жана каралууга жатпайт.
  2. Бир жыл аяктаганга чейин текшерүүнүн бир эле предмети боюнча ар түрдүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүүсүнө жол берилбейт.
  3. Жеке, юридикалык жактардын арыздарында, кайрылууларында, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн материалдарда жана маалыматтарда көрсөтүлгөн маалыматтардан жана фактылардан башка негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилбейт.

9-берене. Контролдук текшерүү

Контролдук текшерүү мурдагы пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдө тастыкталган мыйзам бузууларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы четтеткендигин текшерүү максатында, мурда жүргүзүлгөн текшерүүнүн предметинин алкагында жүргүзүлөт.

Контролдук текшерүү тастыкталган бузууларды четтетүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына берилген мөөнөт бүткөндөн кийин гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

10-берене. Кайра текшерүү

  1. Кайра текшерүү төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы пландык жана пландан тышкаркы текшерүүнүн натыйжаларына макул болбогондо;

2) жаран же юридикалык жак анын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу же арызы боюнча жүргүзүлгөн пландык же пландан тышкаркы текшерүүнүн натыйжаларына макул болбогондо.

Жазуу жүзүндөгү кайрылуусу же арызы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, жарандын же юридикалык жактын бул текшерүүнүн натыйжаларына карата жогору турган ыйгарым укуктуу органга даттануусу кайра текшерүү үчүн негиз болуп саналат.

  1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган даттанууну ал келип түшкөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде кароого жана даттанууну кароонун натыйжалары жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, жаранга же юридикалык жакка кабарлоого милдеттүү.
  2. Кайра текшерүү ушул Мыйзамда пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөр үчүн каралган тартипте, ошондой эле ушул Мыйзамдын 14-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт.
  3. Кайра текшерүүнү жүргүзүүдө пландык, пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн бардык маселелери боюнча текшерүүнү жүргүзүүгө тыюу салынат. Пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн натыйжаларында көрсөтүлгөн даттанылган маселе гана кайра текшерилүүгө жатат.
  4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мурда текшерүү жүргүзгөн, анын натыйжасына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы даттанган кызмат адамынын кайра текшерүү жүргүзүшүнө жол берилбейт.
  5. Жогору турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кайра текшерүү жүргүзүүдөн баш тарткан учурда же кайра текшерүүнүн натыйжасына макул болбогон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы пландык, пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн натыйжалык актысын сотко даттанууга укуктуу.

11-берене. Текшерүү жүргүзүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кабарлоо

  1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар бул текшерүү жүзөгө ашырылуучу күнгө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына пландык текшерүү жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоо шартында пландык текшерүүнү жүзөгө ашырат.
  2. Контролдук текшерүүлөр жана кайра текшерүүлөр тийиштүү текшерүү жүзөгө ашырылуучу күнгө чейин 2 календардык күндөн кечиктирбестен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бул текшерүүлөрдү жүргүзүү тууралуу жазуу жүзүндө кабарлоо шартында жүзөгө ашырылат.
  3. Пландан тышкаркы текшерүүлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын белгиленген тартипте прокуратура органы менен макулдашылган жазуу жүзүндөгү чечиминин (тескемесинин, буйругунун, жазма эскертүүсүнүн) көчүрмөсүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамына берген күнү жүзөгө ашырылат.
  4. Пландык текшерүү, контролдук текшерүү жана кайра текшерүү жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабарлоосунда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) текшерүүнү жүзөгө ашыруунун башталышынын жана бүткөрүлүшүнүн датасы;

2) иши текшерилүүгө жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы жана жайгашкан жери;

3) текшерүүнүн предмети, негиздөөсү жана түрү;

4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (аймактык, түзүмдүк бөлүктүн) аталышы;

5) текшерүүчү кызмат адамынын кызмат орду, фамилиясы, инициалдары.

  1. Кабарлоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каражаттарынын эсебинен тапшырык кат же телефонограмма түрүндө жөнөтүлөт же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине же жооптуу кызмат адамына кол койдуруп алуу менен тапшырылат.
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары текшерүүнү жүзөгө ашыруу тууралуу кабарлоону ушул беренеде белгиленген тартипте албаган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын текшерүүнү жүзөгө ашыруусуна жол бербөөгө укуктуу.

12-берене. Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды айкындоо, алдын алуу жана ага бөгөт коюу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук жана/же практикалык жардам көрсөтүү максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
  2. Текшерүүнү жүргүзүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар айкындалганда текшерүүчү органдын кызмат адамы мыйзамдардын бузулган ченемин актыда көрсөтүүгө, ошондой эле мыйзамдардын көрсөтүлгөн ченемин бузуунун предметин жана маңызын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чечмелеп берүүгө милдеттүү.
  3. Пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган контролдук текшерүүнү жүргүзүүгө укуктуу. Контролдук текшерүү пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдө айкындалган мыйзам бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан четтетилгенин аныктоо максатында гана жүргүзүлөт жана ушул милдеттин алкагынан чыкпоого тийиш.
  4. Эгерде контролдук текшерүүнүн жүрүшүндө пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдө белгилүү болгон мыйзам бузуулар четтетилбесе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына таасир көрсөтүүнүн ушул Мыйзамдын 25-беренесинде каралган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келген чараларын аныктайт.

13-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын текшерүүлөрдү жүргүзүүнү уюштуруусунун тартиби

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы тарабынан жүзөгө ашырылат.
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин (тескемесинин, буйругунун, жазма эскертүүсүнүн) негизинде жүзөгө ашырылат.
  3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминде (тескемесинде, буйругунда, жазма эскертүүсүндө) төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) текшерүү жүргүзүү тууралуу чечимдин (тескеменин, буйруктун, жазма эскертүүнүн) номери жана датасы;

2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы;

3) текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген адамдын (адамдардын) фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы;

4) текшерүү жүргүзүү пландаштырылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы жана дареги;

5) жүргүзүлө турган текшерүүнүн предмети, негиздөөсү жана түрү;

6) текшерилүүгө жаткан ченемдик укуктук актылардын аталыштарынын тизмеги;

7) текшерүүнүн башталышынын жана бүткөрүлүшүнүн датасы.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечимдеринде прокуратура органдары менен макулдашуунун датасы кошумча көрсөтүлөт.

  1. Текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечимге (тескемеге, буйрукка, жазма эскертүүгө) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси кол коет жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт. Чечимдин (тескеменин, буйруктун, жазма эскертүүнүн) көчүрмөсү текшерүү жүргүзүлөөрдүн алдында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине тапшырылат.
  2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминде (тескемесинде, буйругунда, жазма эскертүүсүндө) көрсөтүлгөн адамдарга гана текшерүү жүргүзүүгө жол берилет.

14-берене. Текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөттөрү

  1. Текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөттөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечиминин (тескемесинин, буйругунун, жазма эскертүүсүнүн) көчүрмөсү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине тапшырылган күндөн тартып башталат.
  2. Пландык текшерүүнү жүргүзүүнүн мөөнөтү 20 жумушчу күндөн ашпоого тийиш. Бул мөөнөт 10 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөткө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин кошумча чечими (тескемеси, буйругу, жазма эскертүүсү) менен бир жолу узартылышы мүмкүн.
  3. Пландан тышкаркы текшерүүнү жана кайра текшерүүнү жүргүзүүнүн мөөнөтү 10 жумушчу күндөн ашпоого тийиш. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин кошумча чечими (тескемеси, буйругу, жазма эскертүүсү) боюнча пландан тышкаркы текшерүүнү жана кайра текшерүүнү жүргүзүү мөөнөтү 5 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөткө бир жолу узартылышы мүмкүн.
  4. Контролдук текшерүүнү жүргүзүүнүн мөөнөтү 5тен ашпаган жумушчу күндү түзөт.
  5. Текшерүүнүн бүткөрүлгөн мөөнөтү деп ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминде (тескемесинде, буйругунда, жазма эскертүүсүндө) көрсөтүлгөн текшерүүнүн бүткөрүлүш датасы эсептелет. Эгерде текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө акт чечимде (тескемеде, буйрукта, жазма эскертүүдө) көрсөтүлгөн текшерүү датасы бүткөнгө чейин тапшырылса, жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө акт жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына тапшырылган дата текшерүү бүткөрүлгөн күн деп эсептелет.
  6. Текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү бүткөндөн кийин текшерүү жүргүзүүгө жол берилбейт. Текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү бүткөндөн кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамына андан ары текшерүүнү жүзөгө ашырууга жол бербөөгө укуктуу.

15-берене. Текшерүүлөрдү эсепке алуу китеби

  1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы текшерүүнү жүзөгө ашырууну баштаганга чейин, текшерүүлөрдү эсепке алуунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында жүргүзүлүүчү китебине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишин текшерүүнү каттоого милдеттүү.
  2. Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы төмөнкүлөрдү көрсөтөт:

1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышын;

2) текшерүү жүргүзүүнүн башталышынын жана бүткөрүлүшүнүн датасын;

3) текшерүүнүн негиздөөсүн жана предметин;

4) текшерүүнү жүргүзгөн адамдын (адамдардын) кызмат ордун, фамилиясын, ысымын жана атасынын ысымын;

5) текшерүү жүргүзүүнүн убагында алынган документтердин көчүрмөлөрүнүн, документтерден үзүндү көчүрмөлөрдүн аталыштарынын тизмегин.

  1. Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинин формасын жана жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү ага каттоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

16-берене. Текшерүүнүн натыйжасын тариздөөнүн тартиби

  1. Текшерүүнүн натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын текшерген кызмат адамы тарабынан белгиленген формадагы акт эки нускада түзүлөт.
  2. Актыда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) актыны түзүүнүн датасы, убактысы жана орду;

2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы;

3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын текшерүүнү жүргүзүүгө негиз болгон чечиминин (тескемесинин, буйругунун, жазма эскертүүсүнүн) датасы жана номери;

4) текшерүүнү жүргүзгөн адамдын (адамдардын) кызмат орду, фамилиясы, ысымы жана атасынын ысымы;

5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы жана дареги;

6) текшерүү жүргүзүүнүн датасы, убактысы жана орду;

7) текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө, анын ичинде айкындалган мыйзам бузуулар жөнүндө маалыматтар;

8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын текшерүүнү жүргүзгөн кызмат адамынын (адамдарынын) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамдардын талаптарын талаптагыдай аткаруусу жагында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндүгү тууралуу маалыматтары;

9) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына усулдук жана/же практикалык жардам көрсөтүлгөндүгү тууралуу маалымат;

10) айкындалган мыйзам бузууларды четтетүүнүн мөөнөттөрү;

11) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин текшерүүнүн натыйжалары менен таанышкандыгы тууралуу маалыматтар, анын койгон колу; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси болбогон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин милдеттерин убактылуу аткаруучу адам кол коёт;

12) текшерүүнү жүргүзгөн текшерүүчү кызмат адамынын койгон колу.

  1. Документтердин көчүрмөлөрү, документтердин үзүндү көчүрмөлөрү, материалдарды алгандыгы тууралуу актылар, жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жана экспертизалардын протоколдору бар болсо, алар актыга тиркелет.
  2. Алынган документтердин көчүрмөлөрүнүн, документтерден үзүндү көчүрмөлөрдүн, материалдардын, тиркемелердин аталыштары жазылган актынын бир нускасы колун койдуруп алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине тапшырылат.
  3. Текшерүүнүн натыйжаларына карабастан, текшерүүнү жүргүзгөн кызмат адамы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси актыга кол коет. Актыда баяндалган фактыларга макул болбогон учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси өзүнүн каршы пикирин жазуу менен актыга кол коюуга милдеттүү болот.
  4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын каршы пикирлерин жүйөлөштүрүп чечмелеген жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн жана документтерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси актыны алган күндөп тартып 10 календардык күнгө чейинки мөөнөттөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кошумча жибериши мүмкүн.
  5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын анын каршы пикирине жообу менен макул болбогон учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жогору турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко текшерүүнүн натыйжаларынын актысына даттанууга укуктуу.

17-берене. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө маалымат берүүнүн тартиби

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү жүргүзүүнүн натыйжалары, анын ичинде айкындалган мыйзам бузуулар текшерүү аяктагандан кийин бир айдын ичинде тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайтында жана/же маалымат тактайчаларында жайгаштырылууга жатат.
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө, анын ичинде айкындалган мыйзам бузуулар тууралуу текшерүү жүргүзүлгөндөн күндөн тартып бир айдын ичинде жергиликтүү кеңешке маалымдоого милдеттүү, ошондой эле текшерүү жүргүзүлгөн күндөн тартып 6 айдын ичинде ошол мыйзам бузууларды четтетүү боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө жергиликтүү кеңешке маалымдоого милдеттүү.

18-берене. Документтерди жана маалыматтарды алуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы

  1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишин пландык же пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү үчүн прокуратура органдарынан макулдук алганда, ушул текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтүнүн ичинде, текшерүүнүн предметине тийиштүү документтердин жана маалыматтардын көчүрмөлөрүн алуу үчүн жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жайгашкан жерде аларды иликтөө үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына суроо-талап жиберүүгө укуктуу.
  2. Суроо-талапта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан суралып жаткан документтердин жана маалыматтардын тизмеги жана суроо-талапты аткаруунун мөөнөтү камтылууга тийиш.
  3. Суралып жаткан документтер жана маалыматтар текшерүү жүргүзүү предметинин алкагынан чыгууга тийиш эмес.
  4. Суроо-талапта көрсөтүлгөн документтер жана маалыматтар мөөр басылып күбөлөндүрүлүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин колу коюлуп, көчүрмө түрүндө берилет. Суралып жаткан документтердин жана маалыматтардын көчүрмөсүн нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылууга жол берилбейт.
  5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары суроо-талап боюнча документтерди жана маалыматтарды берүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилей турган мөөнөт 5 жумушчу күндөн кем эмести түзөт.
  6. Өзгөчө кырдаалдардын пайда болуусуна, жарандардын жашоо-турмушуна жана ден-соолугуна кооптуулуктун келүүсүнө, ошондой эле жарандардын укуктарынын массалык бузулушуна алып келүүчү мыйзам бузуу фактылары белгиленген учурларда документтерди жана маалыматтарды берүүнүн мөөнөтүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кыскартуусуна жол берилет.
  7. Эгерде документтер жана маалыматтар мурда берилсе же болбосо жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланса же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайттарында жайгаштырылса, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар сурап жаткан документтердин жана маалыматтардын көчүрмөлөрүн бербей коюуга укуктуу. Мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы суроо-талапка жооп иретинде тийиштүү документтердин жана маалыматтардын расмий жарыяланган же жайгаштырылган булактарын билдирет.

3-глава. Текшерүүлөрдү прокуратура органдары менен макулдашуунун тартиби

19-берене. Текшерүүлөрдүн бардык түрлөрүнө көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, макулдашуу жана бирдиктүү эсепке алууну жүргүзүү боюнча прокуратура органдарынын ыйгарым укуктары

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландык текшерүүнү жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ар жылдык планын макулдашуу Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлөт.
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүүнү макулдашуу, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, анын ичинде прокуратура органдары ишке ашыруучу текшерүүлөрдүн бардык түрлөрүн бирдиктүү эсепке алуу функциялары тийиштүү райондун, шаардын прокуратура органдарынын аймактык бөлүктөрүнө жүктөлөт.
  3. Прокуратура органдары жүзөгө ашыруучу текшерүүлөрдүн бардык түрлөрүнүн бирдиктүү эсепке алуунун жыйынтыгы жана тийиштүү сунуштамалар Башкы прокурордун Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берүүчү ар жылдык отчетунда чагылдырылат.

20-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн планын Башкы прокуратура менен макулдашуунун тартиби

  1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландык текшерүү жүргүзүү үчүн текшерүүлөр жүргүзүлө турган жылдан мурунку жылдын 10-декабрынан кечиктирбестен, ар жылдык пландын долбоорун Башкы прокуратурага макулдашууга жиберет.
  2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын ичинде прокуратура органдарынын пландык текшерүү жүргүзүү боюнча планынын долбоору анын ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүсүнүн предмети жагында 10 жумушчу күндүн ичинде Башкы прокуратура тарабынан каралат.
  3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландык текшерүү жүргүзүү боюнча долбоорун кароонун натыйжалары боюнча Башкы прокуратура бул пландын долбооруна макулдук берүүгө же болбосо өзүнүн сын-пикирлерин жана сунуштарын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүү менен бул пландын долбоорун макулдашуудан баш тартууга милдеттүү.
  4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Башкы прокуратурадан келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен, текшерүү жүргүзүү планынын долбоорун макулдашуу үчүн Башкы прокуратурага кайра жиберүүгө укуктуу.
  5. Башкы прокуратура ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген текшерүүлөрдүн такталган планы келип түшкөн күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жергиликтүү башкаруу органдарынын ишине пландык текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча пландын долбоорун макулдашууга милдеттүү.
  6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын (аймактык, түзүмдүк бөлүктөрдүн) текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу планын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси текшерүү жүргүзүлүүчү жылдан мурдагы жылдын 30-декабрынан кечиктирбестен бекитет.
  7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине прокуратура органдарынын (аймактык бөлүктөрүнүн) текшерүү жүргүзүүсүнүн планын текшерүү жүргүзүлүүчү жылдан мурдагы жылдын 30-декабрынан кечиктирбестен Башкы прокуратура бекитет.
  8. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, анын ичинде прокуратура органдарынын бекитилген ар жылдык пландары алар бекитилген күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде Башкы прокуратуранын жана тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын расмий сайттарында жайгаштырылууга жатат.

21-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүүнү тийиштүү райондун, шаардын прокуратура органдары менен макулдашуунун тартиби

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландан тышкары текшерүүнү тийиштүү райондун, шаардын прокуратура органдары менен макулдашуу пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү үчүн негиздер болгондо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча ыкчам тартипте жүргүзүлөт.
  2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү жөнүндө тийиштүү райондун, шаардын прокуратура органдарына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болгон документтердин көчүрмөсү менен суроо-талап жиберет.
  3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү үчүн прокуратура органдарынын кызмат адамдары пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү үчүн негиздер болгондо Башкы прокуратурадан, тийиштүү областтын, райондун, шаардын прокурорлорунан макулдук алат. Мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү жүзөгө ашырууда текшерүүлөрдүн түрүнө карабастан, прокуратура органдарынын кызмат адамдары Башкы прокуратура белгилеген тартипте текшерүүлөрдүн бардык түрлөрүнүн бирдиктүү эсебине киргизүү үчүн билдирүүлөрдү тиешелүү райондун, шаардын прокуратура органдарына жиберет.
  4. Пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптарын прокуратура органдары мындай суроо-талап келип түшкөн күнү ыкчам тартипте карайт.
  5. Прокуратура органдары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан, анын ичинде прокуратура органдарынын кызмат адамдарынан келип түшкөн суроо-талаптардын ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүү предметин карайт. Ылайык келбегендик болгондо прокуратура органдары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, анын ичинде прокуратура органдарынын кызмат адамдарынын пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүүсүнөн баш тартууга укуктуу.
  6. Прокуратура органдары пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү жөнүндө суроо-талаптардан баш тартууга төмөнкүдөй учурларда укуктуу:

1) эгерде сунушта көрсөтүлгөн негиздер ушул Мыйзамдын 8-беренесинде каралган негиздөөлөргө ылайык келбесе;

2) эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптары сакталбаса;

3) эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптарында көрсөтүлгөн пландан тышкаркы текшерүүнүн предмети жана негиздөөсү башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга караштуулугуна кирсе;

4) эгерде суроо-талапта көрсөтүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши ушул эле предмет жана ушул эле негиздөө боюнча башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан текшерилип жатса;

5) эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабында көрсөтүлгөн пландан тышкаркы текшерүүнүн предмети жана негиздөөсү боюнча тийиштүү пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлсө жана кийинки текшерүүнү жүргүзүүгө чейин мыйзамда белгиленген мөөнөт бүтө элек болсо;

6) эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабында көрсөтүлгөн предмет жана негиздөөлөр боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аларды чечүү жана четтетүү боюнча толук чараларды көрсө;

7) эгерде арыз берүүчүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабында көрсөтүлгөн жүйөлөрү кайталанма болуп саналса жана аларда жаңы фактылар же жаңы ачылган жагдайлар келтирилбесе, ошондой эле алар боюнча текшерүүнүн толук материалдары болсо;

8) эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабында көрсөтүлгөн ошол эле предмет жана ошол эле негиздөөлөр боюнча сот процесси өтүп жатса;

9) эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштарында көрсөтүлгөн негиздөөлөр боюнча соттун мыйзамдуу түрдө биротоло күчүнө кирген чечими болсо;

10) эгерде суроо-талапта көрсөтүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мыйзамдарга ылайык аймактык таандуулугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында болбосо.

22-берене. Контролдук текшерүүлөрдү жана кайра текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын билдирүүлөрү

  1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине контролдук текшерүүлөрдү жана кайра текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууда тийиштүү райондун, шаардын прокуратура органдарына билдирүүлөрдү жиберет.
  2. Тийиштүү райондун, шаардын прокуратура органдары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан алынган контролдук текшерүүлөрдүн, кайра текшерүүлөрдүн билдирүүлөрүнөн, ошондой эле пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн маалыматтарынан алынган маалымдарды Башкы прокуратура бекиткен тартипте текшерүүлөрдүн бардык түрлөрүнүн бирдиктүү эсепке алуусуна киргизет.
  3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине контролдук текшерүүлөрдү жана кайра текшерүүлөрдү жүргүзүүнү прокуратура органдары менен макулдашуу талап кылынбайт.

4-глава. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдө тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги

23-берене. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктары жана милдеттери

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүдөй укуктарга ээ:

1) текшерүүнү жүргүзүүчү кызмат адамынын кызматтык ырастамасын көрсөтүүсүн талап кылууга, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечими, текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналган арыз (эгерде текшерүү арыздын негизинде демилгеленип жатса) жана башка документтер менен таанышууга;

2) текшерүүнү жүргүзүүчү кызмат адамынан текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин (тескемесинин, буйругунун, жазма эскертүүсүнүн) көчүрмөсүн, ошондой эле текшерүүнүн натыйжасын чагылдырган актынын бир нускасын алууга;

3) текшерүүнү жүргүзүүгө ыйгарым укуктары жок адамдын текшерүүсүнө жол бербөөгө;

4) эгерде текшерүүнү жүргүзүүчү кызмат адамдарынын талаптары текшерүүнүн предметине тиешеси болбосо, алардын талаптарын аткарбоого;

5) аткарылуусу жана сакталуусу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн жана текшерилүүгө жаткан ченемдик укуктук актылар менен тааныштырууну талап кылууга;

6) текшерилүүгө жаткан мыйзамдарды талаптагыдай аткаруу жана сактоо боюнча усулдук жана/же практикалык жардамдарды (түшүндүрмөлөрдү, консультацияларды) алууга;

7) текшерүүнү жүргүзүүчү кызмат адамынан жүргүзүлгөн текшерүү тууралуу текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине жазып калтырууну талап кылууга;

8) текшерүүнүн натыйжасын жогору турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко даттанууга;

9) ушул Мыйзамда каралган башка укуктарга.

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) текшерүүнү жүргүзүүчү кызмат адамына ушул Мыйзамда белгиленген тартипте көмөк көрсөтүүгө;

2) текшерүүнү жүргүзүүчү кызмат адамынын мыйзамдуу талаптары боюнча текшерүү үчүн зарыл болгон документтерди жана башка материалдарды берүүгө;

3) текшерүүнүн предметине байланышкан маселелер боюнча маалыматтарды, түшүндүрмөлөрдү берүүгө;

4) эгерде текшерүүнүн предмети менен түздөн түз байланышта болсо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын объекттерин, мүлктөрүн карап чыгууга мүмкүнчүлүк берүүгө;

5) текшерүүгө тийиштүү документтер жана башка материалдар менен иштөө үчүн жумуш ордун берүүгө;

6) ушул Мыйзамда каралган башка милдеттерди аткарууга.

24-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана текшерүүчү кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери

  1. Текшерүүчү кызмат адамдары төмөнкүдөй укуктарга ээ:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинен же ыйгарым укуктуу кызмат адамынан текшерүү предметине түздөн-түз байланышы бар документтерди, маалыматтарды, түшүндүрмөлөрдү талап кылууга;

2) зарыл болгон учурларда документтерден көчүрмө алууга жана документтердин көчүрмөлөрүн чыгарууга;

3) эгерде текшерүүнүн предметине тиешеси бар болсо, объекттерге барууга, жайларды, мүлктөрдү карап чыгууга;

4) айкындалган мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө жазма эскертүүлөрдү милдеттүү аткаруу үчүн берүүгө;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууну четтетүүдөн баш тарткан же мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө четтетпеген учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрүүгө;

6) текшерүү предметине байланышкан маселелер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, алардын кызмат адамдарына усулдук жана/же практикалык жардамдарды көрсөтүүгө;

7) ушул Мыйзамда каралган башка укуктарга.

  1. Текшерүүчү кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) текшерүү башталардан мурда кызматтык ырастамасын көрсөтүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына текшерүү жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин (тескемесинин, буйругунун, жазма эскертүүсүнүн) бир нускасын берүүгө жана аны текшерүүнүн предмети менен тааныштырууга;

2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечиминде (тескемесинде, буйругунда, жазма эскертүүсүндө) белгиленген текшерүү жүргүзүүнүн предметине жана ушул Мыйзамга ылайык так текшерүү жүргүзүүгө;

3) текшерүүнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жумуш убактысында жүргүзүүгө;

4) зарылдык болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын маселелери текшерилип жаткан адисинин катышуусунда текшерүүнү жүргүзүүгө;

5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу кызмат адамынын талабы боюнча текшерүүнү жүргүзүүгө негиз болгон же текшерүү жүргүзүлүп жаткан арыздарды (эгерде текшерүү арыздын негизинде демилгеленип жатса), ошондой эле башка документтерди, ошондой эле аткарылуусу жана сакталуусу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн мыйзамдардын талаптарын көрсөтүүгө;

6) текшерүүнү жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтердин көчүрмөлөрүн, документтерден үзүндү көчүрмөлөрдү алууга;

7) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын конкреттүү ченемдерин көрсөтүү менен текшерүүнүн жүрүшүндө айкындалган мыйзам бузууларды негиздөөгө;

8) жүргүзүлгөн текшерүү жөнүндө текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине жазып калтырууга;

9) текшерүүнүн жүрүшүндө алынган купуя маалыматтарды жайылтпоого;

10) ушул Мыйзамда каралган башка милдеттерди аткарууга.

  1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) текшерүүлөрдү жүргүзүүгө байланышкан бардык сарптоолорду финансылоону республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырууга;

2) текшерүүгө жаткан талаптарды белгилеген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды жана ылайык келбестиктерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына каршы пайдаланбоого;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында карама-каршылыктар жана ылайык келбестиктер белгилүү болгон учурда аларды четтетүү же өркүндөтүү боюнча сунуштарды тийиштүү мамлекеттик органдарга жиберүүгө;

4) текшерүүгө жаткан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында талаптарын сактоо жана туура аткаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына түшүндүрмөлөрдү берүүгө;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, аларга жол бербөө жана бөгөт коюу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук жана/же практикалык жардам көрсөтүүгө.

25-берене. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдө айкындалган мыйзам бузуу фактылары боюнча көрүлө турган чаралар

  1. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар айкындалганда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде:

1) жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу органдын чечими кабыл алынгандан кийин мыйзам бузууларды четтетүүнүн мөөнөтүн көрсөтүү менен мыйзам бузууларды четтетүү тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жазма эскертүүлөрдү жиберет;

2) администрациялык укук бузуулар айкындалган учурда текшерүү актысына белги коет жана администрациялык укук бузуулар тууралуу протокол түзөт же болбосо Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте тийиштүү чарларды көрүү тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же кызмат адамына билдирүү жиберет;

3) кылмыш жасоонун бар экендигин көрсөткөн жетиштүү маалыматтар белгилүү болгон учурда текшерүү актысына белги коёт жана тийиштүү мамлекеттик органга жазуу жүзүндө билдирүү жиберет. Билдирүүгө жасалган кылмыштын жагдайларын тастыктай турган текшерүү актысы, документтердин көчүрмөлөрү жана башка материалдар тиркелиши мүмкүн. Адамды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

26-берене. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын мамлекеттик коргоо

  1. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын коргоо администрациялык жана (же) соттук тартипте жүзөгө ашырылат.
  2. Текшерүүчү кызмат адамынын аракеттери жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жогору турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, прокуратура органына же түздөн-түз сотко даттанылышы мүмкүн.
  3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурларда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын укукка сыйбаган аракеттерине жана алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүү тууралуу укуктук актыларына карата прокурордук реакция жасоо актысын кабыл алуу тууралуу өтүнүч менен прокуратура органдарына кайрылууга укуктуу.

27-берене. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу органдардын жоопкерчилиги

  1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана анын кызмат адамдары текшерүүлөрдү жүргүзүүдө өздөрүнүн функцияларын жана кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаган, укукка сыйбаган аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
  2. Сот тартибинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы жөнүндө текшерүүнүн натыйжалары тастыкталбагандыгы текшерүү жүргүзгөн кызмат адамына карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан тийиштүү чараларды колдонуу үчүн негиз болуп саналат.
  3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууда күнөөлүү кызмат адамдарына карата кабыл алган чаралар жөнүндө бир айлык мөөнөттө укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына билдирүүгө милдеттүү.

4 Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар же болбосо алардын кызмат адамдары тарабынан укукка сыйбаган аракеттердин натыйжасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын бузган, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерин талаптагыдай жүзөгө ашырбоонун натыйжасында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар же алардын кызмат адамдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына келтирген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ошол кызмат адамдары тарабынан толтурулууга жатат.

28-берене. Корутунду жоболор

  1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин Тоо» газетасынын 2016-жылдын 13-апрелинде N 31 жарыяланды

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн төмөнкүлөрдү белгиленген тартипте киргизсин:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландык жана пландан тышкаркы текшерүүнү, контролдук текшерүүнү жана кайра текшерүүнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмегин;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландан тышкаркы текшерүүнү, контролдук текшерүүнү жана кайра текшерүүнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмегин.

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып:

1) өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

2) ушул Мыйзамды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.

  1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып бир айдын ичинде:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү макулдашуунун механизмин иштеп чыксын;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдүн бардык түрлөрүнүн бирдиктүү эсебин прокуратура органдары тарабынан жүргүзүүнүн тартибин кабыл алсын.

Кыргыз Республикасынын ПрезидентиА.Атамбаев2016-жылдын 18-февралындаКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

Добавить комментарий