Кыргыз Республикасынын «Мамлекттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жɵнүндɵ» Мыйзамына ылайык Нарын шаардык мэриясы Конкурс жарыялайт

Нарын шаардык мэриясынын башкы адиси

Кесиптик билим деӊгээли:

-гуманитардык багыттагы жогорку билим (тарых, маданият таануу, дене тарбия);

-социалдык багыттагы жогорку билим (социология, социалдык иштер, жаштар менен иштɵɵнү уюштуруу);

-экономика жана башкаруу багыттагы жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маркетинг);

-маданият жана искусство багытындагы жогорку билим.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

-жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чɵйрɵдɵ 3 жылдан кем эмес иш стажы;

Кесиптик компетенттүүлүгү:

тɵмɵнкүлɵрдү билүү;

-Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

-Кыргыз Республикасынын «Дене тарбия жана спорт жɵнүндɵ» №36, «Мамлекеттик тил жɵнүндɵ» №54, «Маданият жɵнүндɵ» №119, «Туризм жɵнүндɵ» №34, «Китепкана иши жɵнүндɵ» №614, «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жɵнүндɵ» №256-мыйзамдарын жана тейлɵɵсүнɵ жараша негизги ченемдик-укуктук актыларды билүүсү;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон кɵлɵмдɵ мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү зарыл.

Билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чɵйрɵдɵгү ата-мекендик жана чет ɵлкɵлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлɵшүүлɵрдү жүргүзүү.

Кɵндүмдɵрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштɵɵ жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бɵлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзɵгɵ ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.

Негизги функционалдык милдеттери:

-жетекчилердин берген кɵрсɵтмɵсүнɵ ылайык белгиленген мɵɵнɵттɵ документтердин аткарылышын камсыз кылат жана берилген тапшырмаларды так жана ɵз убагында аткарат;

-шаарда ɵткɵрүлүүчү маданий-массалык жана спорттук иш чараларды уюштурат жана кɵзɵмɵлдɵйт;

-Жаштар жана диний уюмдар менен иш алып барат;

Тɵмɵндɵгү тармактардын ишин кɵзмɵлдɵйт, биргелешип иш алып барат:

-шаардык дене тарбия жана спорт бɵлүмү, спорт мектептери;

-шаардык маданият бɵлүмү, китепканалар;

-Ж. Шералиев атындагы искусство мектеби;

-№87-КТЛ жана башка орто окуу жайлары;

-Нарын мамлекеттик университети.

Талап кылынуучу документтер:

-сынакка катышуу үчүн жеке арызы;

-резюме;

-кадрларды каттоо боюнча баракчасы сүрɵтү менен;

-кесиптик билимин, эмгек стажысын жана квалификациясын ырастаган документтердин күбɵлɵндүрүлгɵн кɵчүрмɵсү;

-Паспорттун же инсандын ким экендигин ырастаган документтин кɵчүрмɵсү (түп нускасы конкурска келгенде кɵрсɵтүлɵт).

Кɵрсɵтүлгɵн талаптарга жооп бербеген талапкерлер сынакка киргизилбейт. Тийиштүү документтер жарыя гезитке чыккан күндɵн баштап Нарын шаардык мэриясына 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат.

Дареги: Нарын шаары, Ленин кɵчɵсү 74, тел : (03522) 5-06-76.

 

 

Добавить комментарий