Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Т.Сариев Нарын шаарындагы БАУнун курулуш иштери менен таанышты

Кечээ, 14-августта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Т.Сариев Нарын шаарында иш-сапары менен болду. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Нарын шаарынын батыш тарабынан бɵлүнүп берилген 252 гектар жер аянтында,  2012-жылы курулушу башталып бүгүнкү күнгɵ чейин жүрүп жаткан, Ага Хан фондусунун Борбордук Азия Университинин курулуш иштери менен Ѳкмɵт башчысы баштаган топ жеринде таанышышты.

Анда БАУнун башкы директору Б.Кравченко окуу жай 2016-жылы биринчи студенттерди кабыл алганга даярданып жаткан, 65% га курулушу аяктап калган имараттардын окуу бɵлмɵлɵрү жана жатакана менен тааныштырып, окуу жайдын курулуш иштеринин алкагында түшүндүрмө берди.

Учурда Борбордук Азия Университетинде 300дөн ашык жумушчу иштеп келет.

Ошондой эле Т.Сариев Нарын шаарына болгон иш-сапарынын жүрүшүндɵ, шаардын ички жолдорунда жүрүп жаткан ремонт иштери менен таанышты.

Добавить комментарий