КЫРГЫЗ ТИЛИН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ САЛЫМ КОШОЛУ

Нарын шаардык мэриясынын алдындагы атайын комиссия коомдук тейлөө мекемелерин, тамактануу жайларын, соода түйүндөрүн кыдырып көрнөк жарнактарды кырыгыз тилинде жазууну же сөзсуз түрдө кыргыз тилин камтуу менен жазуу зарылчылыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргуздү.

Буга чейин Нарын шаарынын борбордук чөлкөмүндө жайгашкан жарнамалык шиттери чет тилдеринде жазылган калкка тейлөө кызматын көрсөткөн жайларга  көрнөк жарнактарын кыргыз тилинде да илүү боюнча маалыматтар берилип келгенине карабай,   КРнын  Мамлекеттик тил боюнча мыйзамынын аткарылышын аткарбай келген тараптарга дагы бир ирээт түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү барактары таратылды.

Ушундан улам  соода борборлорунун, тейлөө мекемелеринин жана тамактануу жайларынын ээлеринен ”Кыргыз Республикасында жарнактар, кулактандыруулар, прейскуранттар жана башка көрүнөө маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин — расмий тилде, зарыл учурларда башка тилдерде да жол-жоболоштурулат. Башка тилдердеги тексттин арибинин өлчөмү мамлекеттик тилдеги тексттин арибинин өлчөмүнөн чоң болбоого тийиш.”-деген мыйзамды аткаруу менен кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошууга чакырабыз.

 

Добавить комментарий