Кышкы Азия оюндарында күмүш медаль жеңип келген Нарындык хоккейчилерди шаар жетекчилиги сыйлады

Бүгүн, 10-мартта Япония мамлекетинин Саппоро шаарында өткөн  VIII  Кышкы Азиялык оюндарында хоккей боюнча 2-дивизионунун күмүш медалын жеңип келишкендиги  үчүн  Кыргызстандын курама командасынын  дарбазачысы   Болотбеков  Эльзар Болотбекович жана   чабуулчусу Турсунбеков Уран Турсунбековичтер  Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов жана шаардык Кеңештин төрагасы Ж.Ботоканов хоккейчилерди жеңиштери менен куттукташып, Кышкы Азия оюндарынын жүрүшү боюнча массалык маалымат каражаттары аркылуу кабар алып жаткандыктарын айтышып, алар жараткан ийгиликтер жалпы кыргыз элинин жеңиши, сыймыгы экендигин белгилешти.

Ошондой эле күмүш медаль ээлерине ак калпак кийгизип, ар бирине эки миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.

Добавить комментарий