КӨП КАБАТТУУ ҮЙЛӨРДҮН ФАСАДДАРЫ ЖАСАЛУУДА

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев Канболот дин демилгесине ылайык шаарыбыздагы көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддары оңдолууда.64 аймагындагы кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары өз каражаттарын топтошуп, ага демөөрчүлөр да каржылык колдоо көрсөтүү менен этаж үйлөрдүн сырты акталып, балкондору бирдей түскө боелууда.Ушундай эле үйлөрдүн фасадын оңдоо Көтөрмө аймагында да жүргүзүлөт. Башка турак жай тургундарын да үйлөрдүн сыртын жакшыртуу демилгесин колдоого чакырабыз.Кабаттуу үйлөрдүн фасадын жасоо үчүн жашоочулардан сырткары демөөрчүлөр жана мэрия тарабынан жумушчу күч,техника тарабынан жардам көрсөтүлүүдө.

Добавить комментарий