КӨРНӨК-ЖАРНАКТАРДА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМЫНЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ САКТАЛУУСУ ЗАРЫЛ

Бүгүн Нарын шаардык мэриясынын, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат кɵрсɵтүү боюнча муниципалдык ишканасынын ɵкүлдɵрүнɵн турган топ Нарын шаарындагы кɵрнɵк-жарнактарда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жɵнүндɵгү» мыйзамынын талаптарынын сакталышы боюнча рейддик текшерүү жүргүзүштү.

Бул иш чара “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата Нарын шаардык мэриясынын иш мерчемдерине ылайык уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жɵнүндɵгү мыйзамынын» 7-бɵлүмүнүн 27-статьясында: «Кыргыз Республикасында жарнактар, кулактандыруулар, баа баракчалары жана башка кɵрүнɵɵ маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде, зарыл учурларда башка тилдерде да жол-жоболоштурулат.

Башка тилдердеги тексттин арибинин ɵлчɵмү мамлекеттик тилдеги тексттин арибинин ɵлчɵмүнɵн чоӊ болбоого тийиш»,- деп жазылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен шаардагы бир катар жеке соода-сатык кылган күркɵлɵрдүн жана калкты тейлɵɵ жайларынын сыртындагы кɵрнɵк-жарнактар мамлекеттик тил мыйзамына туура келбегендиги жана эскилиги жетип айрылып-тытылып калганы аныкталды.

Алардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, сентябрь айына чейин талаптар аткарылбаса мыйзамга ылайык чара кɵрүлɵɵрү тууралуу расмий билдирүү калтырылды.

Добавить комментарий