К. ТУТУЕВ: «ЭНЕ БАКТЫЛУУ- КООМ БАКТЫЛУУ» ЭНЕЛЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Нарын шаарында энелер күнү белгиленип, майрамдык иш чарага 160 баатыр эне чакырылды.Баатыр энелерди калаа башчысы Канболот Тутуев куттуктады.«Элибизде эзелтеден келе жаткан бир жакшы сөз бар , » Кыз бала төрөлгөндө анын энесине бейиштин эшиктери ачылат, ал турмушка чыкканда жолдошунун ыйманы жакшырат, ал төрөп, балалуу болгондо бейиш анын тамантастында болот»-дейт.Сиздер бүгүн көп балалуу болуп, бейиш сиздердин таманыныздарда турат.Аял үйдүн куту, ыйман келтирген мээримдүү апа, сүйүктүү жар. Кылымдан-кылымга тукум улаган эне. Эне бактылуу болсо-бала бактылуу, бала бактылуу болсо -үй бактылуу, үй бүлө бактылуу-коом бактылуу . «Эне аман-бала аман-эл аман «-деп айтылат.Урматтуу энелер, апалар жүзүңүздөрдөн эч качан жылмаюу кетпесин, көзүңүздөрдөн жаш акпасын. Жүрөгүңүздөрдө кубаныч гана болсун!»-деди куттуктоосунда калаа башчысы.Майрамдык иш чарада маданият кызматкерлери концерт коюшуп, энелерди даңктаган ырлар көркөм окулуп, обондуу ырлар аткарылды.Майрам ээлерине чакан белектер тапшырылды. Белектер үчүн шаардык бюджеттен 43 миң сом бөлүндү.

Добавить комментарий