Майрамга карата балдар бакчаларына ɵзгɵчɵ белек

 

1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнɵ карата Нарын шаардык мэриясы жана Нарын шаардык Кеӊеши шаардагы бардык балдар бакчаларына алты боз үй белек кылышты.

Эгерде буга чейин мындай боз үй  №15 «Бактылуу балалык» балдар бакчасында гана болуп келген болсо, эми шаарыбыздын бардык балдар бакчалары боз үйлүү болуп калышты.

Белгилей кетсек, былтыр Нарын шаарынын №15 «Бактылуу балалык» балдар бакчасына Ага Хан фондусу тарабынан берилген боз үй, экинчи ирээт «Долон» жайлоосуна тигилип, 3 сааттык программа менен жайлоодогу малчылардын балдары тартылып тарбияланышкан.

Мындай кубанычтуу саамалыктан кийин «жайлоодогу бала бакчалардын» санынын кɵбɵйүүшү жана белектер, мектепке чейинки билим берүү  мекемелеринин иш чараларында жана жɵн гана жазгы-жайкы мезгилдерде эшигинин алдында тигилип, балдар үчүн пайдаланаары күтүлүүдɵ.

Ал эми боз үйлɵр жергиликтүү бюджеттин эсебинен 138 миӊ сомго алынды.

Добавить комментарий