Майрам күнү кубанычтуу саамалык

31-август күнү Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата Нарын шаарынын РТС аймагында 40 орундуу жаңы балдар бакчасы ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Ачылыш аземи Нарын шаарынын борбордук аянтында өткөн салтанаттан кийин,  Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри З.Айдаров, Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов, Нарын шаарынын мэри Р.Адиев, Кыргызстандагы Ага Хан фондусунун директору Жалалуддин Шах жана шаар тургундары, балдар бакчасынын жалпы жамааты жана ата-энелердин катышуусунда болуп өттү.

Иш-чарага катышкан жетекчилер майрамдык куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ишине ийгиликтерди каалап өтүштү.

Көз карансыздыктын 25 жылдыгына жана жаңы окуу жылдын  башталышына ачылышы туш келген балдар бакчасы №18 “Ак Дил” балдар бакчасынын кошумча имараты болуп эсептелет.

Сметалык баасы -7 985 991 сомду түзөт, ал эми тендердик баасы — 7 018 150 сом, анын 4 млн 552 мин 208 сому жергиликтүү бюджеттин эсебинен, ал эми 2 млн 465 миң 942 сому Ага Хан фондусу тарабынан каржыланды.

Курулуш иштерин “Аргын” жоопкерчилиги чектелген коому ишке ашырды. Келишимге ылайык курулуш иштери 2015-жылдын ноябрь айында башталып, толугу менен 2016-жылдын 20-августунда жыйынтыкталды.

Жаңы балдар бакчасын салууда сапаттуу курулуш материалдары колдонулуп,  жылытуу системасы, ички санузелдери орнотулуп, муздак, ысык суу менен камсыздалып, бардык тиешелүү шарттар көрүлгөн.

Добавить комментарий