МАЙРАМ КҮНҮ НАРЫН ШААРЫНДА «ЖАШТАР» СКВЕРИНИН КЫЗЫЛ ТАСМАСЫ КЕСИЛДИ

Нарын шаарынын күнүнүн алкагында 2014-2017-жылдарга Ѳнүктүрүү Жол картасынын жыйынтыктары боюнча облустук семинардын жүрүшүндө шаарыбыздын Городок аймагында уюштурулган “Жаштар сквери” ишке берилди.

Республикабыздын жана облустун аймактарынан келген өкүлдөрдүн катышуусунда аталган сквердин кызыл тасмасы кесилип, бул саамалык да шаар күнүнүн урматына арналды.

Маалымат үчүн айтсак, жаңы лентасы кесилген сквердин ордундагы эски парк 1983-жылы уюшулган. Аталган жайды реконструкциялоо иштери 2017-жылдын май айында башталган, жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 1 млн. 521 миң сомго кайрадан жаңылоо иштери жүргүзулдү.

Нарын шаарынын борборунан орун алган “Смарт-парк” сыяктуу, бул жаңы скверден да жаштар, шаар тургундары сейилдеп, интернет менен колдонууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Добавить комментарий