«Манас» эпосунун күнүнɵ даярдыктар кɵрүлүүдɵ

4-декабрь «Манас» эпосунун күнүнɵ карата Нарын шаарында бир катар маданий-массалык иш-чаралар ɵткɵрүлүүдɵ. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

КР Ѳкмɵтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №259-токтомунун негизинде «Манас» эпосунун күнүн жыл сайын 4-декабрда белгилɵɵ жагы аныкталган.

Ата-бабаларыбыздын урпактарына калтырган ыйык мурасы -«Манас» эпосунун үчилтигин сактоо, ɵнүктүрүү, кеӊири жайылтуу максатында, мэрия тарабынан атайын иш-чаралардын планы иштелип чыгып, анын алкагында жогорку жана орто окуу жайларда, орто мектеп, балдар бакчаларында, китепканаларда тегерек столдор, ачык сабактар, адабий кечелер, жолугушуулар ɵткɵрүлүп, дил баяндар жазылып, «Манас» залдары жана бурчтары уюштурулду.

Ошондой эле шаардын мектептеринде ɵткɵрүлгɵн «Манас таануу» сынагынын мыктылары 4-декабрь күнү Нарын облустук музыкалык-академиялык драма театрында белгилене турган «Манас» эпосунун күнүндɵ ɵз ɵнɵрлɵрүн тартуулашат.  Ал эми Нарын шаардык мэриясы тарабынан катышуучуларды сыйлоо үчүн атайын белектер даярдалды.

Добавить комментарий