«Манас» эпосу –кыргыз рухунун ɵчпɵс жылдызы»

Нарын шаарындагы Ж.Конурбаева атындагы китепканада ««Манас» эпосу –кыргыз рухунун ɵчпɵс жылдызы» аталыштагы адабий кече болуп ɵттү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Адабий кеченин уюштуруучулары анда келген конокторго «Манас» эпосу туурасында маалымат беришип, кɵлɵмү жагынан гректердин атактуу «Иллиада жана Одиссейинен» 20 эсеге, Индиянын даӊктуу «Махабкаратасынан» 2 жарым эсеге, ал эми «Шахнамеден» 5 эсеге чоӊ, жер жүзүнүн дастаны экенин белгилеп ɵтүштү.

Кечеде «Айкɵл баба, алп Манас» аттуу китеп кɵргɵзмɵсү тааныштырылып, анда «Манас» эпосунун томдуктары, кичинекей балдарга ылайыкталып чыгарылган китептер кɵрсɵтүлдү.

4-декабрь «Манас» эпосунун күнүнɵ карата ɵткɵн адабий кечеде мектеп окуучулары Манастан үзүндү айтышып, комузда кол ойнотуп, кыргыз бийин бийлеп беришти.

Маалымат үчүн айтсак, 2013-жылдын 4-декабрында КР ЖК экс-депутаты К.Самаковдун, «Айгине» маданий изилдɵɵ борборунун жетекчиси Гүлнара Айтбаеванын, ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын кызматкерлеринин демилгеси менен, «Манас» үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык  эмес маданий мурастарды коргоо дүйнɵлүк мурастар тизмесине Кыргызстандын атынан каттоодон ɵтүп, дүйнɵнүн 196 тарабынан таанылган.

Добавить комментарий