«Манас» эпосу көлөмү жагынан дүйнɵдɵгү эӊ ири дастан

Бүгүн, 4-декабрда Кыргыз Республикасында «Манас» эпосунун күнүнө белгиленип жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Өкмөттүн үстүбүздөгү жылдын 27-апрелиндеги №259 токтомунун негизинде «Манас» эпосунун күнүн жыл сайын 4-декабрда белгилөө чечими кабыл алынган.

Ата-бабаларыбыздын урпактарына калтырган ыйык мурасы болгон «Манас» эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, кеңири жайылтуу максатында мэрия тарабынан атайын иш-чаралардын планы иштелип чыгып, анын алкагында жогорку жана орто окуу жайларда, орто мектеп, балдар бакчаларда, китепканаларда тегерек столдор, ачык сабактар, адабий кечелер, жолугушуулар өткөрүлүп, дил баяндар жазылып, «Манас» залдары жана бурчтары уюштурулду.

Ошондой эле, шаардын мектептеринде өткөрүлгөн «Манас таануу» сынагынын мыктылары жана театрдын кызматкерлери бүгүн өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Ал эми Нарын шаардык мэриясы тарабынан катышуучуларды сыйлоо үчүн атайын белектер даярдалды.

Маалымат үчүн айтсак, 2013-жылдын 4-декабрында КРнын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты К.Самаковдун, «Айгине» маданий изилдөө борборунун жетекчиси Г.Айтбаеванын, ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын кызматкерлеринин демилгеси менен «Манас» үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо дүйнөлүк мурастар тизмесине Кыргызстандын атынан каттоодон өткөн.

«Манас» эпосу көлөмү жагынан гректердин атактуу «Иллиада жана Одиссейинен» 20 эсеге, Индиянын даңктуу «Махабхаратасынан» 2,5 эсеге, ал эми «Шахнамеден» 5 эсеге чоң дүйнөдөгү эң көлөмдүү дастан.

Добавить комментарий