МАШЫГУУ ИШ ЧАРАСЫНА КАРАТА НАРЫН ШААРЫНЫН ӨЗҮНЧӨ РЕЗЕРВДИК РОТАСЫ КҮЖҮРМӨН ДАЯРДЫГЫН КӨРСӨТТҮ

Буга чейин маалым болгондой, 2019-жылдын 25-июнунда Нарын шаарынын аймагында “Коопсуздук-2019” аталышындагы биргелешкен командалык штабдык жана мобилизациялык машыгуу иш чарасы башталган.

Машыгууга карата ушул эле күнү таңкы саат 6.00дө Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы тарабынан атайын машыгуу белгиси түшүп, анын негизинде Нарын шаардык мэриясынын өзүнчө резервдик ротасы мобилизацияланган. Резервдик ротага Нарын шаарынын аймагынан 83 адам тартылган.

Бүгүн эртең мененки саат 9.00дө резервдик рота машыгууга карата күжүрмөн даярдыгын көрсөттү. Ошондой эле өздөрүнүн даярдыгын тажрыйба жүзүндө бекемдөө максатында  Тайлак Баатыр атындагы 2025-аскер бөлүгүнүн талаа окуу борборунда практикалык ок атуу иш чаралары жүргүзүлдү.

Резервдик рота машыгуу аяктагыча шаардагы стратегиялык обьектилерди, блок-постторду кайтарууга алып, шаардык ички иштер бөлумү менен бирдикте түнкү нөөмөт менен                   шаардын коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшөт.

Резервдик ротанын машыгуу жайын даярдоо, ок-дарыларды сактоочу жайды ремонттоо жумуштарына, чарбалык маселелерине  жана тамак-аш менен камсыздап ыңгайлуу шарт түзүп берүүгө Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен 250 миң сом бөлүнүп, даярдык иштери жүргүзүлгөн.

Ротанын күжүрмөн даярдыгын көргөн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары Нурлан Кирешеев  машыгуунун негизги максаты күч түзүмдөрүнүн, аскердик бөлүктөрүнүн жана жергиликтүү башкаруу органдарынын ар кандай кырдаалдарда өз ара бирдиктүү иш алып баруусун шарттоо экендигин билдирди. Ошондой эле Нарын шаардык мэриясынын резервдик ротасынын даярдыгына баа берип: “Бул жерде чоң, жакшы жумуштар аткарылгандыгын баса белгилеп айткым келет. Резервдик ротанын өздук курамы  аскер адамдары экен. Алар өздөрүнө берилген тапшырманы так аткарышаарына ишенем”,-деп белгиледи.

Добавить комментарий