МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ТУРАК ЖАЙ КУРУУ БОЮНЧА МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

Нарын шаарынын мэри  Самарбек Болотбеков, “Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кесип бирликтери” уюмунун төрагасы Нуралы Айдаров менен Нарын шаарынын аймагында  медицина кызматкерлери үчүн көп кабаттуу турак жай салуу боюнча  кызматташуу меморандумуна  кол коюшту.

Меморандумга ылайык Нарын шаарынын аймагынан көп кабаттуу турак жай куруу үчүн Нарын шаарынын аймагынан жер тилкеси аныкталып, чечилип берилди. Ошол эле учурда курулуш иштерин баштоо мөөнөтү аныкталып, ийгиликтүү кызматташуу сүйлөшүлдү.

Нарын шаарында медицина кызматкерлери үчүн турак жай куруу боюнча  долбоорду ишке ашырууга жеке ишкерлер Бакыт Жумагулов жана Сапаев Нурбек көмөк көрсөтүшүүдө.

 

 

Добавить комментарий