МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Нарын  шаарында медицина кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленип, эмек алдыңыларына КРнын Саламаттыкты сактоо министрилигин “ Ардактуу кызматкери” төш белгилери, “ Ардак грамоталары” , КРнын Министрлер кабинетинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  “Ардак грамота”, “ Ыраазычылык каттары” тапшырылды

Салтанаттуу иш чарада Нарын шаардык мэриясы да  медицина тармагында үзүрлүү эмгектенип, калк саламаттыгы үчүн тынымсыз кызматын кылып келе жаткан ак халатчандарга  Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин “Ардак грамоталарын”,  “Ыраазычылык каттарын” чакан  белектери менен бирге тапшырды.

“Калк саламаттыгы үчүн сиздердин  кызматыңыздардын орду зор экени талашсыз. Сиздер, баардыгыңыздар оорунун очогунда  кызмат кылып, адам өмүрүн сактап, элибиздин  саламаттыгына кам көрүп келе жатасыздар. Сиздерге чын ден соолук,бакубат жашоо каалоо менен бирге иштериңиздерге  албан ийгиликтерди каалайм”-деди Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

 

Добавить комментарий