МЕКТЕП ДИРЕКТОРУ РОЗА ѲМҮРОВА АРДАКТУУ ЭС АЛУУГА УЗАДЫ

Бүгүн Нарын шаарындагы №10-Ж. Чолпонбаев атындагы орто мектебинин директору Роза Ѳмүрованы ардактуу эс алууга узатуу иш чарасы ɵткɵрүлдү. 

Иш чарага шаар жетекчилиги жана билим берүү тармагынын ɵкүлдɵрү, Р. Ѳмүрованын кесиптештери, окуучулары катышып, анын 18 жылдык жетекчилик ишиндеги  мектепке сиӊирген эмгеги, адамкерчилиги, билим берүү тармагындагы бийик орду баса белгиленип, жакшы тилектер жолдонду.

Белгилей кетсек, Роза Ѳмүрова ɵзүнүн 43 жылдык эмгек жолунун 18 жылын аталган мектепти жетектɵɵгɵ арнаган. Ушул жылдар аралыгында мектептин материалдык-техникалык абалын оӊдоо максатында эл аралык уюмдар, долбоорлор менен иштешип, 5 миллион сомго жакын инвестиция тарткан. Мектептин үстү чатырланып, башталгыч класстар үчүн кошумча имарат курулган. Имараттын сырты жылууланып, жылытуу системасы орнотулуп, кɵрктɵндүрүү иштери жүргүзүлгɵн.

Мектеп окуучулары физика, химия сабактары боюнча облустук сынактарда жеӊүүчү болушкан.

Роза Ѳмүрова кɵп жылдык эмгеги үчүн «Билим берүүнүн мыктысы» тɵш белгисине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Ардак грамотасына жана «Нарын шаарынын Ардактуу атуулу» наамына татыктуу болгон.

Кызматтык милдетин аткаруу убактылуу аталган орто мектептин окуу бɵлүмүнүн башчысы Анара Кыдыралиевага жүктɵлдү.      

 

Добавить комментарий