«Менин түшүмүм-менин финансылык абалым» фестивалы Нарында

17-октябрда Нарын шаарынын борбордук аянтында «Менин түшүмүм-менин финансылык абалым» аталыштагы фестиваль болуп ɵттү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Калк арасында финансылык сабаттуулукту  жогорулатуу жана калктын материалдык   абалын жакшыртуу максатын кɵздɵгɵн бул кампаниянын уюштуруучулары Эл аралык финансылык корпорациясы, Бүткүл Дүйнɵлүк Банкынын атайын тобу жана Кыргызстандагы микрофинансылык мекемелердин ассоциациясы, ал эми шаардык мэрия иш чараны уюштуруп ɵткɵрүүгɵ кɵмɵк кɵрсɵтүп колдоо кɵрсɵтɵ алды

Республика боюнча жүргүзүлгɵн изилдɵɵлɵрдүн негизинде, Нарын жана Талас шаарларында параллелдүү насыялардын кɵрсɵткүчү жогору деп эсептелип, мɵɵнɵтүнɵн кеч тɵлɵмдɵр кɵп кездешкендиктен, микрофинансылык мекемелердин ассоциациясы пилоттук долбоор иштеп чыгып, ал биздин жана Талас шаарларында ишке ашырылмакчы.

14-октябрдан бери аянтта атаайын шатерлор тигилип, анда эл аралык эксперттер тарабынан шаар тургундарына насыя туурасында билимин жакшыртууга, финансылык кɵйгɵйлɵрдɵн кантип чыгууга,  алган насыяны рационалдуу пайдаланууга жана үй-бүлɵлүк чарбанын муктаждыктарын жабууга, насыядан кутулуунун башка альтернативдүү жолдорун колдонуу боюнча каржылык кеӊештер берилди.

Ал эми иш чараны Дүйнөлүк Банктын Эл аралык каржылык корпорациясынын Кыргызстандагы жетекчиси Мартин Негеле ачып, шаар тургундарына каалоо тилектерин жолдоду.

Иш чарага шаар мэри Р.Адиев да катышып, ɵлкɵбүздүн бардык жерлеринде жарандарыбыз финансылык-кредиттик мекемелерден насыя алып, ɵзүнүн жашоо шартын жакшыртуу үчүн ишкердик менен алектенип, жер айдап, түшүм алып, оокат тиричилигин ɵткɵрүп келет. Бирок айрымдары аны туура эмес пайдалангандын кесепетинен, аны тɵлɵй албай бересе болуп жаткан учурлар арбын экенин белгилеп, фестивалдын алкагында берилип жаткан кеӊештер ɵзүнүн оӊ натыйжасын берет деген ишеничин билдирди.

Эртеӊ мененки саат 10-00дон кечки 17-00 ге чейин улантылган бул фестивалда ыр-бий, кɵӊүл ачуучу оюн зооктор, ар кандай сынактар менен коштолуп жеӊүүчүлɵргɵ уюштуруучулар тарабынан белектер тапшырылды.

Ал эми каржылык кеӊеш берүү 20-октябрга чейин жүргүзүлɵт.

 

Добавить комментарий