ДЕН СООЛУГУНАН МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ТАЛАНАТУУ БАЛДАР НАРЫН ШААРЫНДА КОНЦЕРТ БЕРИШТИ

Ден соолуктарынын мүмкүнчүлүгү чектелип турганына карабай изденип, чыгармачыл таланттары менен ийгилик жаратып, сахнада өнөр көрсөткөн балдардын талантына өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбев Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров баштаган  жергиликтүү жетекчилер да күбөл болушуп, уюштуруучуларга материалдык жардам көрсөтүштү.

«Эне эмгеги» кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган маданий иш чарада мүмкүнчүлүгү чектелген талантуу балдар эстрада жылдыздары менен бирге ырдашты. Максат  балдардын өнөрлөрүн өркүндөтүү, коомго активдештирүү жана көз карандысыз жашоого үндөө болуп саналат.

«Эне эмгеги» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Элмира  Сыдыкова  Нарын шаарынын мэри  Нурбек Молдокадыров  мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын талантын ачып, коомго аралаштыруудагы эмгеги үчүн  ыраазычылык билдирип, акчалай жардам көрсөттү.

ФОТОБАЯН

 

 

 

 

 

Добавить комментарий