«Москва» аймагынын жаӊы конуштарындагы кɵйгɵйлɵр бара-бара чечилет

Бүгүн, 2-апрелде шаар мэринин Нарын шаарынын Москва аймагынын жашоочулары менен жолугушуусу болуп ɵттү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Жолугушуу №7 М.Сыдыков атындагы орто мектебинин залында болуп ɵттү.

Алгач шаар башчысы аймактын жашоочуларына 2014-жылы шаарда аткарылган жана алдыда жазала турган иштер боюнча маалымат берип, ар бир чɵлкɵмдɵрдɵ ɵткɵрүлүп жаткан жолугушуулардын негизги максаты кɵйгɵйлɵрдү угуу, аларды чечүүнүн жолдорун издɵɵ экендигин белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндɵ шаарда үч жаӊы конуш болсо, анын экɵɵ аталган аймакта жайгашып, таза суу, зым теректер, канализация, жол маселелери боюнча кɵйгɵйлɵр бар экендиги айтылды.

Мындан сырткары балдар ойноочу аянтчаларды куруп берүү боюнча кайрылуулар, курулуш иштери токтоп калган имараттардын мындан аркы максаттуу багыты туурасында суроолор жазуу түрүндɵ да берилип жатты.

Белгилей кетсек, 2015-жылдын 31-мартынан 11-апрелине чейин Нарын шаарынын мэри Р.Адиевдин алты аймакта эл менен жолугушуусу ɵткɵрүлɵт.

Добавить комментарий