МУЗ АЯНТЫНДАГЫ «КѲӉҮЛДҮҮ СТАРТ»

28-декабрь күнү окуучулардын кышкы каникулдагы эс алуу күндɵрүнɵ карата Нарын шаарындагы Т. Токтосунов атындагы жабык муз аянтында «Кɵӊүлдүү старт» эстафеталык оюндары ɵткɵрүлдү.

Нарын шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулган спорттук иш чарага курамы шаардын мектептеринин окуучуларынан түзүлгɵн 4 команда катышып, бардык команда мүчɵлɵрүнɵ жергиликтүү бюджеттен бɵлүнгɵн каражаттын эсебинен баалуу сыйлыктар ыйгарылды.

Добавить комментарий