Муниципалдык ишкана жаӊыча иш алып баруу кадамында.

Белгилүү болгондой, ɵткɵн жылы шаар мэри Э. Алымкуловдун демилгеси менен шаардык мекемелердин ишин оптималдаштыруу максатында мурдагы Муниципалдык менчик департаменти жоюлуп, чарбалык эсептеги Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка  кызмат кɵрсɵтүү боюнча муниципалдык ишканасы түзүлгɵн.

Бул ишканага «Таза Нарын» ишканасынын карамагындагы аймак башчылар жана кварталдык комитеттер бириктирилип, Нарын шаары 5 чакан айыл аймагына бɵлүнгɵн.  Шаар калкынын  тиричиликке байланыштуу болгон кыймылы, жер салыгына, ижара акысына, тазалыкка, таза сууга болгон тɵлɵмдɵрү айыл аймактарынын кеӊселеринде жүзɵгɵ ашып, керектүү маалымкаттар ушул кеӊселерден берилет.

Үч айыл аймагы бүгүнкү күндɵ атайын имараттар менен камсыз болуп, алардын бири жеке ишкердин колдоосу менен ачылса, калган эки кеӊсени ачууда жергиликтүү бюджеттен 600 миӊ сом ɵлчɵмүндɵгү каражат бɵлүнүп берилген. Эми дагы эки кеӊсе ачуу планы бар.

Муниципалдык ишкананын алдында шаардын муниципалдык менчигинин реестрин түзүп, шаарга тиешелүү болгон муниципалдык обьектилерди тактап чыгуу милдети турат.

Мына ушул жана башка маселелер 18-январда аталган ишкананын отчеттук жыйынында талкууланып, шаар жетекчилиги тарабынан ишкананын алдына бир катар милдеттер коюлду.

Шаар мэри Эмилбек Алымкулов эӊ негизгиси шаардын  муниципалдык реестрин түзүп, мыйзамсыз менчиктештирилген обьектилерди кайтарып алуу зарылдыгын, шаардын бир чарчы метр жери да бекер кетпеши керектигин, шаардагы башаламандыкты бир системага алып келүү учур талабы экендигин айтып, ишкананын кызматкерлеринин алдында ушул чоӊ жүк тургандыгын белгиледи.

Жыйында ишкананын кызматкерлери тарабынан башка шаарлар менен тажрыйба алмашуу, окуулардан ɵтүү, бир типтеги атайын кийимдерди тиктирүү зарылдыгы, Мэриядагы ГИС программасына кирип иштɵɵгɵ мүмкүнчүлүк алуу сыяктуу кɵйгɵйлɵр айтылды.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Назгүл Мүсүралиева, Нарын шардык мэриясынын пресс-катчысы.

 

 

 

Добавить комментарий