МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕР СЫЙЛАНЫШТЫ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

23-июнь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнɵ карата Нарын шаардык мэриясында салтанаттуу жыйын ɵткɵрүлүп, муниципалдык кызматтын алдыӊкыларына сыйлыктар ыйгарылды.

Иш чарада Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курманов, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлɵɵ кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин облустук комитетинин тɵрагасы Рысбек Шалтаев, Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова, шаардык Кеӊештин депутаты Мустафа Жумаканов жана башкалар муниципалдык кызматкерлерди куттуктап, алардын түйшүктүү ишине ийгиликтерди каалашты.

Бул күнү «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруунун мыктысы» тɵш белгиси Нарын шаардык мэриясынын бɵлүм башчысы Нурлан Кайыповго, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын түндүк аймактык ɵкүлчүлүгүнүн «Мыкты муниципалдык кызматкер» номинациясы Нарын шаардык мэриясынын башкы адиси Эсентур Ѳмүралиевге, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлɵɵ кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин Ардак грамотасы Нарын шаардык мэриясынын юристи Муратбек Бабаевге ыйгарылды.

Ошондой эле шаардык мекемелердеги бир катар муниципалдык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн Ардак грамотасы, Ыраазылык каттары, Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеӊешинин Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Майрамыӊыздар менен урматтуу муниципалдык кызматкерлер!!!

Добавить комментарий