МЫЙЗАМСЫЗ ТОКТОТУЛГАН УНААЛАР АЙЫП КОРООСУНА ЭВАКУАЦИЯЛАНУУДА

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбековдун аракети менен борбордук базардын айланасына башаламан токтотулган унаалар эвакуаторго жүктөлүп, Нарын шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө инспекторлорунун көзөмөлү менен айып короосуна токтотула баштады.Унаа токтотууга тыюу салынган жол жээктерине тийиштүү белгилер коюлганына карабастан унааларды башаламан токтотуп, ыңгайсыздык жаралып жаткандыгынан улам бул демилге ишке ашты. Демилгени жалпы колдоого алып, коомдук жайдагы башаламандыкты жөнгө салууга жардам берүүгө чакырабыз!Ошол эле учурда, Он арча базарынын күн чыгыш жагына, Арзан дүкөнүнүн алдына жана Соң көл жаштар сарайынын артына унаа токтотуучу жайлар уюштурулду. Алдыда дагы 2 жерге унаа токтотуу жайларын уюштуруу каралууда.

Добавить комментарий