Нарын шаардык мекеме-ишканалар арасында жарыяланган мыкты жаӊы жылдык жасалгалоо сынагынын жыйынтыктары белгилүү болду. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.
23-декабрда атайын түзүлгɵн комиссия мекеме, ишканалардын административдик имараттарынын жаӊы жылдык жасалгалоосу боюнча кыдырып, алардын мыктыларын аныкташты.
Сынактын жыйынтыгында 3-орунга шаардык жашылдандыруу мекемеси, №4 Э.Ибраев мектеби, «Таза-Нарын» коммуналдык ишканасы ээ болушту. Ошондой эле 2-орун №2 «Чебурашка» балдар бакчасына жана №10 Ж.Чолпонбаев орто мектебине ыйгарылды. Ал эми «Мыкты жаӊы жылдык жасалгалоо» номинациясынын жеӊүүчүсү, 1-орундун ээси болуп №18 «Ак-Дил» балдар бакчасы табылды.
Жеӊүүчүлɵр мэрия тарабынан атайын дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.