МЫКТЫ ОКУУЧУЛАРГА НАРЫН ШААРДЫК МЭРИЯСЫ ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРДИ

Бүгүн, 4-майда Нарын шаардык мэриясы мыкты окуучуларды сыйлады. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Нарын шаарындагы №2 В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясы Орусиянын Москва шаарындагы “Ломоносов мектебинде” өтө турган XIX “Интеллект” Эл аралык олимпиадасына чакыруу алышкан. Олимпиадага аталган мектеп-гимназиядан жети окуучу жана топту жетектеп мектептин директорунун орун басары О.Лепеева барып катышып келишкен эле.

Москва шаарында өткөн Эл аралык олимпиададан Нарын шаарынын окуучулары жемиштүү кайтышып, алардын бешөө бронза медалга татышса, экөө номинант болуп келишкен.

Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов ийгилик менен кайтып келген окуучуларга ыраазычылык каттарын тапшыруу менен, Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында өткөн чогулушта бронза медаль ээлерине 1 миң сомдон, номинанттарга 500 сомдон акчалай сыйлык тапшырды. Ошондой эле жети окуучудан турган топту жетектеп барган мугалимге 3 миң сом ыйгарды.

Мындан сырткары мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынан кыргыз тил сабагынан 1-чи орунду камсыз кылгандыгы үчүн Нарын шаарындагы №5 К.Жакыпов орто мектебинин 11-классынын окуучусу Р.Алакуновага Нарын шаардык мэриясы тарабынан планшет жана аны окуткан мугалими Г.Калыковага 3 миң сом акчалай сыйлык берилди.

Ал эми №7 М.Сыдыков орто мектебинин 10-классынын окуучусу А.Джаанбаева англис тилинен 4-чү орунду багындырып, ага 1 миң, окуткан мугалими А.Исаковага 1 миң сом өлчөмүндө сыйлык тапшырылып, билим берүүдө кошкон жигердүү салымы үчүн ыраазычылык билдирилди.

Жыйындын соңунда шаар башчысы Э.Алымкулов окуучулардын мындан аркы окууларына ийгиликтерди, жетишкендиктерди каалады.

Добавить комментарий