Мындан ары ар бир үч айда эл менен жолугушуулар өтүп, элдин көйгөйлөрүн чечүү боюнча жүрүп жаткан иш-аракеттер тууралуу маалыматтар берилип турат, — шаар мэри Э.Алымкулов

Шаардагы Ак-Коргон, Төш-Булак аймактарынын жашоочулары менен шаар мэри Э.Алымкулов Нарын облустук мектеп-лицей интернатында жолугушту.

Бүгүн, 18-мартта өткөн жолугушууда шаар башчысы быйылкы жылы мамлекет тарабынан Нарын шаарында жасала турган иштерге токтолуп, анда “Газпром-балдарга” социалдык программасынын алкагында заманбап спорт комплекси курулуп, жолдор асфальтталып, аталган аймакка мамлекет тарабынан №9 А.Садыков орто мектебинин жаңы имараты салына тургандыгы боюнча маалымат берилди.

Жыйындын жүрүшүндө аймактын тургундары мектептин жанында светофордун жана жол белгилеринин жоктугу, аймакта коомдук мончого, дарыканага  болгон муктаждыктар боюнча маселелерди айтышып, ишин кеч баштап, эрте аяктаган маршруттук каттамдардын айдоочууларына нааразычылыктарын билдиришти. Ошондой эле троллейбустун линиясын Төш-Булак аймагына чейин чойдуруп берүүнү өтүнүштү.

Ал эми аймакта жашаган элдин көпчүлүгү мал жандыктарды багып оокат кылып жаткандыктан,  малды кармоону ирээтке келтирүү үчүн аймак жашоочулары кесүү уюштурууну сунушташты.

Мындан ары ар бир үч айда эл менен жолугушуулар өтүп, элдин көйгөйүн чечүү боюнча  жүрүп жаткан иш-аракеттер тууралуу маалыматтар берилип турмакчы.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 9-мартынан 18-мартка чейин Нарын шаарынын мэри Э.Алымкуловдун шаардын беш аймагында эл менен жолугушуулары өткөрүлдү.

Добавить комментарий