МЫНДАН АРЫ НАРЫН ШААРЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КӨЙГӨЙЛӨР ЖЕРИНДЕ ЧЕЧИЛЕТ

Нарын шаарынын мэри Э.Алымкуловдун шаардык муниципалдык мекемелердин ишин оптималдаштыруу демилгесинин негизинде, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы түзүлгөн.

Ошондой эле элге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, чөлкөмдүн жашоочулары менен тыгыз иш алып баруу, аймакта жаралган көйгөйлөрдү оперативдүү чечүү максатында, Нарын шаарынын беш чөлкөмүнө аймактык комитеттердин кеңселерин ачып берүү пландаштырылган.

Бүгүн Ак Коргон аймагындагы  аймактык комитеттин кеңсеси, шаар күнүн белгилөөнүн алкагында, кызыл тасмасы салтанаттуу кесилген үчүнчү объект болду.

Добавить комментарий