Мындан ары Нарын шаарынын жолдорун баасы 3 млн. 470 миӊ сомдук коммуналдык унаа тазалайт – Нарын шаардык мэриясы

Нарын шаардык «Таза-Нарын» ишканасына МАЗ КО-173Н үлгүсүндɵгү Белорусия мамлекетинин ɵндүрүшүнɵн чыккан жаӊы коммуналдык жол тазалоочу унаа алынып келинди. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Аталган техника Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнɵ караштуу курчап турган чɵйрɵнү коргоо жана токой чарба боюнча мамлекеттик агенттигин жетекчиси С.Атаджановдун жардамы менен алынып келинип, атайын универсал техника мындан ары кышкысын кар түртүп жол тазалап, жайкысын асфальт жолдорду жана жол жээктерин шыпырып, жууп, суу чачып турмакчы.

Жол тазалоочу унаанын наркы 3 млн. 470 миӊ сомду түзүп, анын 2 млн. 770 миӊ сому аталган мамлекеттик агенттик тарабынан каржыланып, 700 миӊ сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен ɵздүк салым катары жумшалды.

Кийинки жылы КРѲ караштуу курчап турган чɵйрɵнү коргоо жана токой чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин эсебинен дагы 2 таштанды чыгаруучу техникаларды алууга сүйлɵшүлɵр жүрүп жатат.

IMG_7553 IMG_7561

IMG_7567

Добавить комментарий