МЭРДИН КУБОГУНА АРНАЛГАН СПОРТТУК МЕЛДЕШ СТАРТ АЛДЫ

Кечээ, 3-майда Нарын шаарындагы облустук, райондук, шаардык мекеме-ишканалар арасында Нарын шаарынын мэринин кубогуна арналган спорттук мелдеш старт алды.

Жыл сайын салт катары ɵткɵрүлүп келген спорттук мелдешке быйыл 21 команда катышууда. Алардын 12си айымдардын, 9у мырзалардын командалары.

Мекемелер ортосундагы ынтымакты бекемдɵɵ, сергек жашоо образын калыптандыруу максатын кɵздɵгɵн иш чара спорттун волейбол, кол күрɵш, шахмат, баскетбол, футбол, теннис, таяк тартыш түрлɵрү боюнча ɵткɵрүлүп, күз айларында жыйынтыкталмакчы.

Эмесе, ар бир командага ийгиликтерди каалайбыз!

Добавить комментарий