МЭРДИН ОТЧЕТУ УГУЛУП, ШААРДЫН БЮДЖЕТИ БЕКИДИ.

Бүгүн 5-мартта Нарын шаардык Кеӊешинин кезектеги сессиясы ɵткɵрүлүп, анда 8 маселе каралды.

Күн тартибиндеги биринчи маселеде шаар мэри Эмилбек Алымкулов 2017-жыл ичинде Нарын шаарында аткарылган иштер жана алдыдагы пландар боюнча маалымат берди.

Билдирүүдɵ маалымдалгандай, 2017-жыл ичинде Нарын шаарында бир катар кɵрүнүктүү иштер жасалган. Салык жыйымдары ашыгы менен аткарылып, ɵнɵр жай продукцияларын ɵндүрүүдɵ ɵсүш байкалган. Мамлекеттик жана чет элдик 442 миллион 938 миӊ сомдук инвестиция тартылып, заманбап муз аянты, ЛЭД экран, Ала-Тоо стадионуна футболдук талаа, РТС чɵлкɵмүнɵ С. Бекмамбетов атындагы спорт мектебинин имараты, заманбап «Аска» мейманканасы, «Ас-Салам» фонду тарабынан «Балдарды ɵнүктүрүү» борбору курулуп, «Нарын сити» соода борбору реконструкцияланган.

Германия эл аралык уюмунун «Жаштар үчүн жаӊы келечек» долбоорунун алкагында 15 долбоор ишке ашып, 25 жумуш оруну түзүлгɵн.

Жергиликтүү бюджеттен 450 миӊ сом акча каражаты бɵлүнүп, 4 заманбап аялдама жасалган. Нарын шаарынын 3 аймагына аймактык тейлɵɵ борборлорунун кеӊселери ачылган. Эки кеӊсеге жергиликтүү бюджеттен 600 миӊ сом каражат каралып, бирɵɵ шаардык Кеӊештин депутаты К. Байышов тарабынан 500 миӊ сомго бүткɵрүлгɵн. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен 1 миллион сомго Жаштар паркы реконструкцияланган.

«Ак-Бечел» таза суу алуучу жайы, Бишкек-Торугарт автожолунун  Московский, Жайлообак, Шаркыратма участкаларындагы бɵлүктɵрү жана аллеялар реконструкцияланып, мындан сырткары «Капиталдык салымдар» беренесинин эсебинен 3 кɵчɵдɵ оӊдоо иштери бүткɵрүлгɵн.

Үлүштүк дем берүүчү грант аркылуу 3 орто мектепте, 3 балдар бакчасында оӊдоо иштери жүргүзүлүп, латоктор коюлуп, 1 сквердин айланасы тосулган.

Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнɵ караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жана «Тайлак баатыр» чек ара аскер кызматынын кызматкерлерине 3 кабаттуу турак үй курулуп, пайдаланууга берилген.

Мындан сырткары шаардын тазалыгы, кɵрктɵндүрүү, жол белгилерин, түнкү чырактарды орнотуу, калкты кыш мезгилине даярдоо боюнча бир катар жумуштар жасалган.

2013-2017-жылдары Нарын шаарына депозит программасы менен 12 дарыгер тартылып, 2017-жылы алардын батир акыларына жергиликтүү бюджеттен 183 миӊ сом бɵлүнүп берилген.

Билим берүү тармагында окуучулардын билим сапатын кɵтɵрүү маселеси курч коюлуп, натыйжада облустук олимпиаданын жыйынтыгы менен Нарын шаары 2-орунду камсыздаган.

Шаар мэри жогорудагыдай кɵрсɵткүчтɵр менен катар кɵйгɵйлүү маселелерге, алдыдагы пландарга да кеӊири токтолду.

Депутаттар шаарда иш бар экенин белгилеп, шаардагы автоунаалар токтоочу жайлар, Турак-жай башкармалыгы, ремонттолгон жолдордун сапаты, дарыгерлерге стимул берүү, майып балдары бар ата-энелерге электр энергиясынан жеилдик кылуу сыяктуу маселелерге кɵӊүл бурулса деген ɵтүнүчтɵрүн билдиришти.

Сессияда дагы бир негизги маселе каралып, Нарын шаарынын 2018-жыл үчүн бюджетинин киреше жана чыгаша бɵлүктɵрү 109 миллион 355 миӊ сомго бекитилип берилди.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын шаардык мэриясынын пресс-кызматы.     

 

 

 

Добавить комментарий