Мэрия Нооруз майрамына даярдыктарды кɵрүүдɵ

Нарын шаарынын борбордук Теңир-Тоо аянтында Нооруз майрамын жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча шаардык мэрия тарабынан атайын план иштелип чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Нооруз майрамын өткөрүү боюнча шаар мэринин 10-марттагы буйругунун негизинде иш- чаралардын планы бекитилип, учурда ага ылайык иштер алып барылууда.

Майрамдын алдында шаарды ирээтке келтирүү, ишембилик ɵткɵрүү, мерчемдүү жерлерге майрамдык лозунгдарды жаздырып илдирүү боюнча мекеме, ишканаларга тиешелүү тапшырмалар берилди.

Нарын шаарынын борбордук аянтында майрамдык театрлаштырылган программага даярдык иштери жүрүп жатканда айрым көчөлөр маал маалы менен жабылып турат.

Планга ылайык, шаардын борборунда Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чара 21-март күнү саат 10:00дө башталат.

Добавить комментарий