Мэрия шаардагы кɵрнɵк-жарнактардын талапка ылайык жазылышына рейд жүргүздү

Нарын шаардык мэриясы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили» жөнүндөгү мыйзамына ылайык мамлекеттик тилди ɵркүндөөтү боюнча  бир катар иштерди жүргүзүп келет.

Нарын  шаардык мэриясынын  2014-жылдын 13-майыдагы №178-б буйругу менен атайын жумушчу топ түзүлүп, шаар ичиндеги жарнамалык такталар жана соода түйүндөрүнүн аталыштары текшерилип, талапка ылайык келбеген обьектилердин ээлерине «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили» жөнүндөгү мыйзамы тааныштырылып, тактап айтканда аталган мыйзамдын 27-беренеси ылайык оӊдоп түзөөсү зарыл экендиги комиссия тарабынан түшүндүрүлүп, тез аранын ичинде мамлекеттик тилде жаздыруу жагы тапшырылды.

Мындан сырткары  шаар ичиндеги калктын санын дээрлик көпчүлүк пайызы кыргыз улутунда болгондуктан мекемелер арасындагы иш кагаздардын жүгүртүлүшү жана аткарылыштары 99 % мамлекеттик тилде жүгүртүлүүдɵ.

Добавить комментарий