Мэр Б.Жээналиев боордош түрк элинин ɵкүлдɵрүн кабыл алды

 

Кечээ,  Нарын  шаарынын  мэри  Б.Жээналиев, Нарын кыргыз-түрк лицейинин «Акыркы коӊгуроо» аземине, атайын боордош Турк мамлекетинен келген, шаарыбызда кыздардын  лицейинин имаратынын курулуш иштерине колдоо кɵрсɵтүп жаткан демɵɵрчүлɵрдү жана башка  меймандарды, ɵзүнүн  иш  бɵлмɵсүндɵ  кабыл алды.

Кабыл алуу учурунда, биринчи жолу кыргыз жерине, Нарын шаарына келип жаткан түрк боордош элинин  ɵкүлдɵрүнɵ шаар тууралуу кыскача маалымат берилип, чай үстүндɵгү  маек, баарлашуу жылуу маанайда болуп ɵттү.

Ошондой эле мэр кыргыз-түрк элдеринин ортосундагы достуктун белгиси ирээтинде кыргыз элинин улуттук менталитетин чагылдырган сувенирлерди меймандарга эстеликке тартуу кылды.

Добавить комментарий