Мэр Б.Жээналиев согуштун ардагерлерин үйлɵрүнɵн куттуктады

Улуу Жеӊиш күнүн утурлай, ушул жылдын 8-май күнү, шаар мэри Б.Жээналиев салтка айланып калгандай, согуштун ардагерлеринин үйлɵрүн кыдырып, жылуу сɵздɵрүн, каалоо тилектерин айтуу менен бирге, ак калпак кийгизип, белектерин тапшырды. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Ѳз кезегинде ардагерлер орден, медаль толо тагылган костьюмдарын кийип, шаар жетекчилигинин дал ушул күнү адаттагыдай келүүсүн сезгенсип, үй-бүлɵсү, бала-бакыралары менен толкунданып кабыл алышты.

Согуш маалындагы жашоону кɵз алдына элестеткен аталарыбыз,  Жеңиштин баасын жана бул тынч күндүн баркын ɵсүп келе жаткан муунга айтпай кетүү мүмкүн эместигин билдиришип, алакан жайып, ак батасын беришип, тереӊ ыраазычылыктарын билдиришти.

Ал эми мэр, ансыз да күндɵн күнгɵ арабыздан саны суйулуп бараткан, бизге тынчтык жашоону алып келген ардактуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине чын ден соолук, кажыбас кайрат жана улуу Жеӊиштин кийинки юбилейлерине күбɵ болуп, кɵп жылдык ɵмүр сүрүүсүн каалады.

Добавить комментарий