МЭР К. ТУТУЕВ: «ЖЕТЕКЧИЛЕР ТИЙИШТҮҮ ДЕНГЭЭЛДЕ, ИЗДЕНҮҮ МЕНЕН ИШ АЛЫП БАРЫП, ИШ УБАКТЫСЫН САПАТТУ ПАЙДАЛАНУУ ЗАРЫЛ»

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев шаардык мекеме-ишкана жетекчилери менен аппараттык жыйын өттү.Жыйында буга чейин берилген иш тапшырмалардын жыйынтыгы суралып, сел агымдарын алдын алуу, буга чейин нөшөрлүү жаандан улам каптаган селдин кесепеттерин жоюу, калыбына келтирүү турак жайларды камсыздандыруу боюнча иштерди алып баруу, жаандан кийин ички көчөлөрдү түздөө. Шералиев көчөсүн бир ирээт түздөп, убактылуу оңдоодон өткөрүү;Жашылдандыруу иштерин жакшыртуу, пландалган арык системаларын оңдоо;Инвесторлорго сунуштоо үчүн долбоорлорду сапаттуу даярдоо жана мэрияга тапшыруу;Шаардык билим берүү бөлүмүнө мектеп бала бакчалардын айланасын отоо чөптөн тазалоо, бакчалардагы балдар оюн аянттарындагы бузулган инвентарларды оңдоо, имараттарды камсыздандыруу;МСО аймагынан Газ пром спорт жайына чейин тротуар салуу үчүн план иштеп чыгуу маселелери тапшырылды.

Добавить комментарий