Мэр Р.Адиев АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Убактылуу ишке ишенимдүү ɵкүлү Ричард Монро Майлзды кабыл алды

Бүгүн,  16-июньда  Нарын  шаарынын  мэри  Р.Адиев, Нарын шаарынын борбордук аянтында ɵткɵрүлүүчү «Китеп кербени» иш чарасына атайын катышууга келген АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Убактылуу ишке ишенимдүү ɵкүлү Ричард Монро Майлзды жана башка  меймандарды, ɵзүнүн  иш  бɵлмɵсүндɵ  кабыл алды. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Кабыл алуу учурунда, биринчи жолу Нарын шаарына келип жаткан АКШнын ɵкүлдɵрүнɵ шаар тууралуу кыскача маалымат берилип, чай үстүндɵгү  маек, баарлашуу жылуу маанайда болуп ɵттү.

Анда азыркы интернет булактарынан гана маалымат алып, бирок китепканаларга кызыкпай жаткан жаштарды китеп окууга үндɵɵ, китепке болгон кызыгуусун арттыруу жана китепканаларда замандын талабына ылайык шарттарды түзүп берүү туурасында сүйлɵшүүлɵр жүрдү.

Мындан сырткары элчи кыргыз жазуучуларынын китептерин басылмадан чыгарууга кɵмɵк кɵрсɵтүлɵɵрү жана америка жазуучуларынын китептери кыргыз тилине которулаарын айтып ɵттү.

Ошондой эле мэр эки элдин ортосундагы достуктун белгиси ирээтинде кыргыз элинин улуттук менталитетин чагылдырган сувенирлерди меймандарга эстеликке тартуу кылды.

Белгилей кетсек, Нарын облустук китепканасы тарабынан ɵткɵрүлгɵн «Китеп кербени» долбоору АКШ элчилиги тарабынан каржыланды. Мындан 3-4 жыл мурун ачылган китепкананын астындагы Америкалык борборго Wi-Fi роутерлер, планшеттер жана электрондук китеп окуучу каражаттар берилди, ошондой эле Америка борбору англис тилин үйрөтүү боюнча көмөгүн көрсөтɵ бермекчи.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий