Мэр Р.Адиев Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Мекен коргоочулардын күнү менен куттуктады

23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнɵ карата Нарын шаарынын мэри  Р.Адиев Ата Мекендик Согуштун ардагерлеринин үйлɵрүн кыдырып куттуктады. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Анда шаар башчысы 90 жаштагы ардагер Сейитказы Андабеков, 93 жаштагы Касымаалы Абдиев, 93 жаштагы Акматбек Надырбеков жана 92 жаштагы Түкөш Токтомушовдордун үйлɵрүндɵ болуп, акыбалдарын сурап, ала барган белектерин-жылуу тɵɵ журкандарды тапшырды.

Ансыз да жылдан жылга азайып келе жаткан согуштун ардагерлерине Р.Адиев чын ден соолук, узун ɵмүр каалап, шаарда Жеӊиштин 70 жылдыгына карата иш-план кабыл алынып, кызуу даярдыктар жүрүп жаткандыгы туурасында белгилеп ɵттү.

Биздин сыймыктуу ардагерлерибиз да ɵз кезегинде шаар жетекчилигине ыраазычылыгын билдиришип, баргандарга ак батасын берип узатышты.

Добавить комментарий