Мэр шаарды жакшыртууга багытталган бир топ сунуштарды айтып, аларды ишке ашырууда ишкерлердин көмөгү керектигин билдирди

Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов шаардагы ишкерлер менен жолугушту. Мэр шаарды жакшыртууга багытталган бир топ сунуштарды айтып, аларды ишке ашырууда ишкерлердин көмөгү керектигин билдирди.

Нарын шаарында көйгөйлөр көп, жергиликтүү бюджеттин тартыштыгы аларды чечүүгө чоң тоскоолдуктарды жаратат. Шаардын борбордук көчөсүн тарытып жол жээгине чейин чыгып алган күркөлөр, туш келди илинген жарнамалар, алды таштандыга толгон имараттар, жөнгө сала турган иштер көп.

Ишкерлер шаардын өнүгүүсү үчүн салым кошуп, киреше тапкыдай жолдор бар экендигин шаар башчысы белгилеп, бул багытта бир топ ойлорун айтты, маселен шаарда бош жаткан имараттарда балдар эс алууучу, жаңыча кызмат көрсөткөн кофе ичүүчү жайлар жайгашса, ээн жаткан сейил бактарда жаңы атракциондор орун алса деген сунуштарын билдирди.

Ошондой эле ишкерлер менен болгон жолугушууда жакынкы айларда инвест-форум өтүлүүсү маалымдалды. Шаар мэри кызыктуу долбоорлор болоорун айтып бардык ишкерлерди активдүү катышууга чакырды. Ал эми жыйынга келген жеке ишкерлер чогуу иштөө ниеттерин билдиришти.

Добавить комментарий