Мэр Э.Алымкулов С.Бекманбетов атындагы эркин күрөш спорт мектебинин курулушуна жигердүү салымын кошкон “Азия Строй Сервис” жоопкерчилиги чектелген коомуна ыраазычылык билдирди

Бүгүн, 25-февралда Нарын шаарындагы С.Бекманбетов атындагы спорт мектебинин ачылыш аземине арналган иш – чаранын жүрүшүндө спорт мектептин курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшүн камсыз кылгандыгы үчүн шаар башчысы Э.Алымкулов  “Азия Строй Сервис” ЖЧКсына ыраазчылык билдирип,  жетекчиси С.Калидулдаевге, прорабы Сурапов Болотго, курулуш бригадири Айтбаев Уланга жана курулуш участогунун жетекчиси Жолбуланов Валиханга Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин Ардак грамоталарын тапшырды.

Добавить комментарий