М.Субагожоев атындагы Нарын кыргыз-түрк лицейинин “Акыркы коӊгуроо” аземи болуп ɵттү

Бүгүн,  кɵктɵмдүү жаздын майрамдарга толгон май айынын жыйырмасында, М.Субагожоев атындагы Нарын кыргыз-түрк лицейинин салтка айланган “Акыркы коӊгуроо” салтанаты  М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык — драма театрында болуп ɵттү.

Акыркы коӊгуроо аземине облус, шаар башчылары, Туркиядан келген коноктор, ата-энелер жана бүтүрүүчүлɵр катышышты.

Мэр Б.Жээналиев, кɵптɵгɵн умтулууларды, аракеттерди, талбаган эмгектенүүнү, жетишкендиктерди камтыган быйылкы окуу жылынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, лицейдин окуучуларына тереӊ билим, татыктуу тарбия берүүдɵгү ийгиликтери үчүн мугалимдерди Ардак грамота менен сыйлап, ал эми ар тараптуу колдоолорду кɵрсɵтүп жаткан демɵɵрчүлɵргɵ,  кыргыз-түрк элдеринин ортосундагы достукту, социалдык-экономикалык байланышты чыӊдоого кошкон зор салымдары үчүн ыраазычылык кат тапшырды.

Мындан сырткары окуудагы жетишкен ийгиликтери үчүн, жергиликтүү бюджеттин эсебинен, лицейдин үч окуучусуна бир миӊ сомдон акчалай стипендиясын тапшырды.

Иш чара окуучулардын күчү менен даярдалган чакан концерттик программа менен улантылды.

Маалымат үчүн айта кетсек, Кыргызстан боюнча «Себат» эл аралык билим берүү мекемесинин 15 лицейи болсо, анын бири Нарын шаарында, 1993-жылдан бери иштеп, окуучуларга татыктуу билим, таалим берүүдɵ.

Лицей 21 жыл ичинде 476дан ашуун бүтүчүүлɵрдү бүтүрүп, алардын 314-ү чет мамлекеттерде иштеп жатышса, 157-си окуусун чет мамлекеттерде улантып, билим деӊгээли боюнча жогорку кɵрсɵткүчтɵрдү камсыз кылышууда.

            

 

Добавить комментарий