Нарында автобекет аймагындагы коомдук даараткана ишке берилди

Нарын шаарынын автобекет аймагына салынып жаткан коомдук даараткана 15-ноябрда ишке берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

«Автобекет» коомдук жайынын жанына курулуп жаткан коомдук дараткананын курулуш иштери аяктап, замандын талабына ылайык келген ажааткана шаар тургундарына, айылдардан базарлап келгендерге жана сырттан келген меймандарга кызмат кɵрсɵтүүдɵ.

Мындан сырткары, курулуш объектинин экинчи тарабы гусулкана катары пайдаланылмакчы.

 

 

Добавить комментарий