Нарында биринчи жолу бассейн ачылат

12-мартта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү шаарды кыдыруу учурунда Городок аймагындагы Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо ишканасынын аракети алдында салынып жаткан бассейиндин курулуш иши менен да таанышышты. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Анда 1-майга чейин бассейндин курулуш иштери толук бүткөрүлɵɵрү айтылды. Ал эми бул объектинин курулуш иштерине 13 млн сом акча каражаты жумшалууда.

Мындан сырткары, шаар кыдыруу учурунда  Жаңы-Жол аймагындагы Тайлак баатырдын эстелигин жылдыруу, жылдырууга мүмкүн болбогон учурда башка жолдорун карап кɵрүү сунуштары айтылды.

Добавить комментарий