Нарында «Жарандардын электрондук кайрылууларынын интернет порталы» менен иштɵɵ боюнча окуу семинары болуп ɵттү

Бүгүн 7-август күнү саат 14-00до Ѳкмɵттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу ɵкүлчүлүгүнүн жыйындар залында, «Жарандардын электрондук кайрылууларынын интернет порталы» менен иштɵɵ боюнча окуу семинары ɵткɵрүлдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Окууга шаардык,  райондук мамлекеттик администрациялардын аппарат жетекчилери, жалпы секторлорунун башчылары жана айыл ɵкмɵттɵрүнүн жооптуу катчылары катышышты.

Семинардын катышуучуларына «жарандардын кайрылуулары менен иштɵɵ боюнча ченемдик документтер жана үлгүлɵр боюнча» китепчелер таркатылып, Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн аппаратынын каттар жана жарандарды кабыл алуу бɵлүмүнүн  башчысы  А.Солтонкулова тарабынан портал тууралуу кеӊири маалымат берилди.

 

Добавить комментарий