НАРЫНДА “КООПСУЗДУК-2019” РЕСПУБЛИКАЛЫК КОМАНДАЛЫК ОКУУ-МАШЫГУУ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТКӨРҮЛӨТ!!!

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары жана меймандары!!!

2019-жылдын 25-27-июнь күндөрү Нарын шаарынын аймагында “Коопсуздук-2019” республикалык командалык окуу-машыгуу иш чарасы өткөрүлөт.

Иш чаранын максаты ар кандай табигый, техногендик  кырсыктарга, массалык баш-аламандык учурларына жана өзгөчө кырдаалдарга карата Нарын облусунун күч түзүмдөрүнүн, атайын кызматтарынын, мекеме-ишканаларынын даярдыктарын текшерүү болуп саналат.

Окуу-машыгуунун учурунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабы тарабынан ар кандай өзгөчө кырдаалдардын (мисалы суунун уулангандыгы, ар кандай стратегиялык обьектилерге кол салуу, өрттөө, массалык баш-аламандык, мекеме-ишканаларга жардыруучу каражаттарды, муляждарды коюу сыяктуу ж. б.) сценарийлери берилип, тиешелүү кызмат адамдарынын ушундай  кырдаалдардагы биргелешкен аракети жана даярдыгы текшерилет.

Бул күндөрү шаар ичине коменданттык саат киргизилип, шаардын Чыгыш, Батыш аймактарына тосмолор (блок-посттор) коюлат. 26-июндан 27-июнга караган түнү шаар ичин түнкү кайгуул кызматы  көзөмөлдөйт.

Нарын шаарынын тургундарынан ошол күндөрү болуп жаткан жагдайлардан чочулабай, иш чараларга тоскоол болбой, окуу-машыгууга түшүнүү жана тартипти сактоо менен мамиле кылып берүүлөрүн өтүнөбүз.

Ошондой эле шаар тургундары жарандык паспортторун жанына алып жүрүүлөрү, балдардын коопсуздугуна сак болуулары, айдоочулар жол эрежелерин туура сактап, “өрт өчүрүү”, “тез жардам” жана башка атайын кызматтардын кыймылына тоскоолдук кылбоолору зарыл экендигин эскертебиз!!!

Республикалык деңгээлдеги мындай масштабдуу иш чара Нарын облусунун аймагында биринчи ирет өткөрүлүп жаткандыктан баарыбыз олуттуу мамиле кылууга милдеттүүбүз.

Нарын шаардык мэриясы.

 

Добавить комментарий