Нарында «Мектеп парламенти Теңир-Тоо элин тазалыкка чакырат» акциясы болуп өттү

Бүгүн, 18-апрелде  Нарын  шаарындагы  мектеп  парламентинин  мүчөлөрү  борбордук аянтта «Мектеп парламенти Теңир-Тоо элин тазалыкка чакырат» аталышындагы акция өткөрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган кичи долбоордун негизги максаты шаардын санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу жана жаштарды шаардын тазалыгын сактоо маданиятына тарбиялоо.

Иш-чарада Европа союзунун каржылоосу жана Ага Хан фондунун демилгеси менен Нарын шаарындагы мектеп парламенти тарабынан иштелип чыккан кичи долбоордун бет ачаары болду.

Бет ачаарда улуттук орнамент менен цементтен жасалган таштанды урналары тааныштырылды. 122 миң сом каражатка шаардын эң керектүү жерлерине 122 урна орнотулат. Бүгүнкү күнгө карата 30 таштанды урнасы орнотулду жана 92 урна бир ай ичинде орнотулат.

Акциянын уюштуруучулары каржылык жактан жана техникалык жардам көрсөткөндүгү үчүн Нарын шаарынын мэриясына, «Таза-Нарын» муниципиалдык кызматына жана шардык кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдиришти.

Иш-чарага аталган шаардын вице-мэри А.Суранов, «Таза-Нарын» муниципалдык кызматынын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары жана шаардын тургундары катышты.

 

Добавить комментарий